Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Өзүмдү ойлоп, башты көтөрдүм, алты балам менен турмушка чыга аламбы?
Өзүмдү ойлоп, башты көтөрдүм, алты балам менен турмушка чыга аламбы?
31-март, 12:13
7 063 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Турмушка чыгып, эл катары бaктылуу эле жашоом бар болчу. Беш балалуу болуп, алтынчымды төрөрүмдө күйөөм жол кырсыгынан каза болуп калды. Андан бери төрт жылга жакын убакыт өтүп, кенже балам үч жарым жашка чыкты. Азыр алты балам менен жашайм. Жаздыгым кургабаган күндөр артта калып, эми өзүмдү ойлоп, башты көтөрдүм. Алты балаң болсо да, күйөөнүн да өз орду болот экен. Жалгыздык кыйнады. Мага жөлөк, алты балама ата боло турган адам табылабы? Азыр тукумсуз болуп калган эркектер да көп дешет, мүмкүн балага зар болуп жүргөн мырзалар менен калган өмүрүмдө бактылуу болуп кетээрмин. Жашым 40ка чыга элек.