Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иранда аял-эркек чогуу бийлегени үчүн жети окутуучу иштен айдалды

Иранда аял-эркек чогуу бийлегени үчүн жети окутуучу иштен айдалды

12-июль, 12:17
372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ирандын Керманшах университетинин окутуучуларынын бийлегени тартылган видео интернетке чыгып кеткенден кийин жети профессор жумуштан бошотулду.

Медициналык институттун окутуучулары 1-июнда өткөн бүтүрүү кечесинде бийлешкен. Видеотасма жакын арада эле тарап кеткен.

Норвегияда жайгашкан Ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (HRANA) жазгандай, профессорлор аял-эркек аралаш бийлегени үчүн жана иш-чарада аялдар хиджабды “туура эмес” кийишкени үчүн айдалган. Видео интернетке тарап кеткен соң университеттин жетекчилиги иш-чараны айыптап, ал алардын уруксаты жок өткөнүн айтып кутулган.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жаштан чоң кыздарга жана аялдарга коомдук жайларда хиджаб кийип жүрүү милдеттүү эреже катары киргизилген. Көптөгөн аялдар ошондон бери бул талапты адам укуктарын бузуу катары баалап, айыпташкан. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы активисттер да муну сынга алып, аялдар жоолуксуз түшкөн видеолорун таратышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер