Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус тууралуу дүйнөгө белгилүү көзачыктар эмнелерди айтышкан?

Коронавирус тууралуу дүйнөгө белгилүү көзачыктар эмнелерди айтышкан?

31-март, 13:13
2 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эксперттер 2020-жылдагы бул вирус менен көзү ачыктардын алдын ала айткан божомолдорун салыштырып жаткан мезгил. Бул тууралуу “Супер-инфо” гезити жазып чыкты.
 
Болгариялык дүйнөгө белгилүү көзү ачык Ванга XX кылымда эле кандайдыр бир глобалдуу эпидемиялык инфекция тууралуу айткан. Ал XXI кылымдын биринчи чейрегиндеги сандар кайталанган жылы дүйнө жүзүн оор кырдаал күтөрүн, эски оору жанданып, миллиондогон адамдардын өмүрүн аларын, Чыгыштагы сары терилүү адамдар тарабынан оору тараарын, илдетти дарылоого каражат жок болорун айткан. Адистер ага каршы вакцинаны тез арада жасай албастыгын, дарылар эч кандай натыйжа бербестигин да белгилеген.

Орусиялык эксперттер 22.02.2020, 02.02.2020, 12.12.2020 кайталанган даталар экенин, “Ванга дал ушул коронавирус тууралуу айткан болуп жүрбөсүн?” деп божомолдошсо, иммунолог Марина Зуева:"Ванганын "эски оору" дегени – 2002-2003-жылдары буга окшош вирус орун алган, ошондой эле коронавирус да оору түрү катары 1965-жылы эле катталган",- деп белгилейт.

Бул жылдын февраль айы эки санынын кайталануусу астында өттү. Нумерология мындай кайталанган сандар жүз жылда бир болорун, кайталанган датада көп адамдардын жашоосунда глобалдуу өзгөрүү орун аларын айтат.

Ал эми америкалык көзү ачык, гипнотерапевт Сильвия Браун 2008-жылы жарык көргөн “Жашоонун бүтүүсү: акыр заман тууралуу жоромолдор жана анын дал келүүсү” аттуу китебинде: “Болжолдуу 2020-жылы Жер шарына өпкөнүн пневмониясына окшош олуттуу оору жайылат. Илдет өпкөгө жана тамакка чабуул кылып, жөтөл менен коштолот. Медицинадагы белгилүү болгон ыкмаларды тоготпойт. Бирок бир убакытта оору бат пайда болгонундай эле тез жок болуп кетет. 10 жылдан кийин кайталанат да, ошону менен түп орду менен жоголот”,- деп жазган.  

“Супер-инфо”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер