Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Курултай өз максатына жеткен жок”
-- Төлөгөн мырза, “той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, бир жылда бир болчу элдик курултай да өттү. Курултай өз максатына жеттиби?
-- Курултай өз максатына жеткен жок. Аймактардан шайланып келген делегаттар жарытылуу маселе көтөрө алышкан жок. Деңгээлине, иш тажрыйбасына жараша сүйлөштү. Мындайча айтканда, бийлик жасап келе жаткан же жакынкы убактарда кура турган мектеп, бала бакча, көпүрө деген сөздөр менен чектелишти. Чынында ал маселелер жергиликтүү бийлик эле чече турган иштер. Андай сөздөрдү курултайда айтпай эле облус жетекчисине, шаар мэрине, райондун акимине деле айтып, курдуруп алышса болот.
Ичимдин ачышканы: курултайга кеткен чыгымдарды жаба турган же актай турган идеялар, сунуштар болгон жок. Маселен, майда-барат сөздөрдү айтпай эле “мамлекетибизде адам укуктары корголуп жатабы? Азык-түлүк коопсуздугу колго алынганбы? Бийлик бутактары туура эле бөлүнгөнбү? Саясый куугунтукка жол берилбейби? Коррупционерлер канчалык деңгээлде жазаланып жатат? Кантип экологияны таза сактайбыз?” деген сыяктуу глобалдуу маселелерди айтышса болмок. Тилекке каршы, аймактан келген делегаттардын көбү бийликти макташты. Чынында аларсыз деле бийликти мактай турган Арзыматтар соцтармактарда, Акүй-Көкүйдүн, Ынтымак Ордонун айланасында толтура жүрөт. Жок дегенде жер-жерлерден келген делегаттар мактоодон алыс болуп, президент менен маңдай-тескей отуруп жаткандан кийин мамлекет үчүн маанилүү делген маселелерди көтөрүшсө болмок.
-- Ошондо үч жылдан бери уюшулуп жаткан курултай миссиясын аткара албай калдыбы?
-- Курултай институту өз миссиясын аткара баштады деп айтууга азырынча эрте. Курултай институтун түптөш үчүн курултай жөнүндө мыйзамды кайрадан иштеп чыгыш керек. “Кандай маселелер каралат? Күн тартибинде, кимдер делегат боло алат?” деген да чоң көйгөй жаратып жатат. Себеби, курултайга делегат болуп эл ичинде кадыр-баркы бар, жасаган иши, сүйлөгөн сөзү башкаларга үлгү боло турган адамдар барышы керек. “Эл өзү делегатты тандайт” деп койсо, аймактардан чыккан шумпайлар он беш, жыйырма дос-тууганын үгүттөп, өзүн колдотуп алып, курултайга барып “аяшава”, “прожектор”, “20 жыл президент болуңуз”, “сиз Манассыз” , “үчүнчү мөөнөткө барыңыз” деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Чынында элдик курултай коомдун жана мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багытын аныктап, маанилүү маселелерин чечүүчү жер. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча сунуштарды берүүчү, кеңешүүчү, элдин анык өкүлдөрү чогулган жыйын. Тагыраагы, Кыргыз Республикасын биримдикке үндөгөн саясый уюм болуп эсептелет. Майда-барат эмес, глобалдуу маселелерди талкуулай турган, чече турган жер. Ал эми кечээки болгон курултай ар кокту-колоттун күнүмдүк көйгөйлөрүн айтуу менен чектелди. Ал делегаттарды эл “кошомат кыл” деп жөнөткөн жок да. Мындан ары делегаттарды шайлоодо мамлекеттик маанидеги маселелерди айтып чыга ала турган, тажрыйбасы бар, көрөгөч, түрдүү кызматтарда иштеген, маселе көтөрө алган инсандар бара тургандай кылышыбыз керек. Делегаттар дагы “биз үчүн мамлекет жол акы, жатакана, тамак-ашка акча төлөп, чыгым болуп жатат. Ошончо баргандан кийин ар бир сөзүмө, кадамыма жоопкерчилик менен карайын. Кошомат кылуудан алыс болоюн” деши керек. Делегат болуу дагы чоң жоопкерчилик экенин түшүнүшү абзел. Ошондо курултай миссиясын аткарып, максатына жетет.
"Азия Ньюс" гезити