Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Шайлоочуларымды парламентке келтирбей, өзүм эле бара калам”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Шайлоочуларымды парламентке келтирбей, өзүм эле бара калам”

06-декабрь, 09:00
260 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, парламентке такай келип жүрүп, мен сиздин кеңешмеге бир да жолу кечиккениңизди көрө элекмин. Дайыма өз учурунда келесиз. “Бала кезден немистердин арасында өскөм” деп калчу элеңиз, бул ошолордун таасири эмеспи?

-- Болушу мүмкүн. Биздин айыл өкмөтү үч айылдан турат: Узун-Кыр, Жерказар, анан Новостройка (Дружба да деп койчубуз). Ошол айылда жалаң немистер жашачу. Жашы алтымыштардагы бир киши бар эле, велосипедин минип алып, эртең менен сегизге он мүнөт калганда жумушту көздөй кетет. Кырманда иштечү. Он экиге он мүнөт калганда кайра үйүнө, түштөнгөнү өтөт. Бирге беш мүнөт калганда жумушуна кетет. Дагы бир тегирменчи бар эле. Ал деле ошол, сегизге он мүнөт калганда мотоциклин дырылдатып өтөт. Алар кетип атканда саатты билип, “аа, сабакка кечигип жаткан турбаймынбы” деп шашып чуркачумун. Ошолордун жумушка кечиккен, же барбай койгон күндөрү дегеле эсимде жок. Аябай так болчу. Менин бир классташым бар эле, биз мектепке баратканда огороддун ортосундагы  арык менен эле түз өтүп кетчүбүз. Ал бала болсо “ата-энем урушат” деп жол менен гана барчу. Таңгала берчү элек...

-- Бош убактыңызда эмне кыласыз?

-- Бош убакыт былтыр бар эле. Азыр болсо бошой калсам эле округга чуркайм. Жок дегенде бир-экөө чалып, көйгөйлөрүн айтат. Менин округум жакын да, 50-60 эле чакырым. Ошол жакын болгонунан улам көбүнчө шайлоочуларымды биерге келтирбей, өзүм эле бара калам.

-- Жакын арада алардын кандай көйгөйүн чечип бердиңиз?

-- Дээрлик күнүгө эле... Ивановка айылында оорукана курулуп жатат. Пособие, пенсия, көмүр көйгөйүн айтышат. Баткенде каза болгон бир аскер кызматкеринин келинчеги жети баласы менен калды эле, ошонун мешин алып бердим, көмүр сатып бердим... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер