Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поэзиядагы жалган пафос, жасалма ыргактар

Поэзиядагы жалган пафос, жасалма ыргактар

06-сентябрь, 15:20
1 860 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Кожогелди Култегин, Абдыжапар Эгембердиевдин алешем ырлары жөнүндө учкай сөз)


Чейрек кылымдан бери өлкөбүздө жүрүп жаткан майнабы жок саясый, экономикалык реформалар жана интернет айдыңы элдин руханий дүйнөсүнө өз таасирин тийгизип, олуттуу социалдык өзгөрүүлөргө алып келди. Отуз жылдын ичинде көркөм-маданий дөөлөттөр жаңыланып, жаңы улуттук парадигмалар калыптанды. Эгемендүүлүктүн жылдарында тарыхый жана социалдык өзгөрүүлөр акын-жазуучулардын чыгармачылыгына да таасирин тийгизип, адабияттын өнүгүү багыттарын аныктады. Албетте, адабиятка карата мамиле өзгөрдү, бийликтин көзөмөлүндө турган адабият эркиндикке чыкты, акын-жазуучунун коомдогу орду төрдөн улагага сүрүлдү. Окурмандын бүйүрүн кызыткан жеңил-желпи массалык адабияттын сели каптады. “Чейрек кылым ичинде кыргыз поэзиясында кандай процесстер жүрдү? Идеялык-эстетикалык изденүүлөр кайсы багытта болду?” деген сыяктуу уңгулуу суроолорго жооп издөө максатында 80-жылдардын экинчи жарымында адабияттын астанасын аттаган айрым акындардын чыгармачылыгы тууралуу азыноолак сөз кылууну көздөп отурабыз.

Азыркы учурда адабиятка айгай салып кирген жаштардын тобу деле байкалбайт. Кезинде Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытовдор алгачкы жарыялаган ырлары менен эле кызуу талаш жаратып, адабий турмушту жандандырып, окурманды ойго салган жаңы образдары, жаңы боёктору менен келишкен. Ал эми 80-жылдардын экинчи жарымында жаш акындар поэзияга билинбей кошулуп, адабият астанасын аттаган жаштардын арасынан суурулуп чыгып, өзгөчөлөнүп талкууга түшкөн да эч ким болгон жок. Тескерисинче, убагында алардын ырларындагы кемчиликтер адабий сын тарабынан ачык айтылып, баса белгиленген. Андан бери отуз жылдан ашык убакыт өттү, бул муундун чыгармачылыгына баа берилип, жыйынтыктарды чыгаруу зарылдыгы качан эле бышып жетилген, эми кеч болсо да бул акындардын ырлары боюнча айрым бир байкоолорду ортого салуу ыңгайы келди окшойт. Анан калса, азыркы кыргыз поэзиясынын да негизги жүгүн мына ушул орто муун өкүлдөрү көтөрүп турат десек болот. Биздин алдыбызда ушул орто муундун айрым өкүлдөрүнүн көркөм тажрыйбасы, поэтикалык дүйнөсү тууралуу сөз кылуу, алардын дурус-буруш жактарын таразалап, сындын элегинен өткөрүү милдети турат.

Алардын айрымдарынын эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Ш.Дүйшеев, К.Урманбетов, К.Култегин жана А.Эгембердиевдер “эл акыны” деген ардактуу наамга ээ болушса, Ф.Абдалова, Б.Чотурова, А.Акбаровдор “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алган. Ошол эле учурда бул муундун арасы суюлуп, А.Акималиев, Ч.Турсунбеков, Ж.Зарлыкбеков, Д.Жапаров жана Б.Бугубаев сыяктуу таланттуу акындар дүйнө салды.

Союз тарагандан кийин “Кыргызстан маданияты” жумалыгы, “Ала-Тоо” адабий журналы жабылып, менчиктештирилип кетти, мамлекеттик китеп басып чыгаруу өндүрүшү кыйрады, Жазуучулар союзу бөлүнүп, уюштуруу иштери токтоп, адабий процесстин жүрүшү солгундап, өлөсөлүү абалга келген. Ошо менен окурман нукура көркөм сөз өнөрүнөн куржалак калып, селдей каптаган массалык маданият менен кошо руханий кереңдикке багыт алды. Адабият болсо азыр мамлекеттик каржылоодон биротоло ажырап, негизинен жеке авторлордун демилгесинин негизинде кармалып турат. Ырас, мындай учурда көркөм адабиятты коммерциялык мүдөө менен пайдалануу максатын көздөгөн бульвардык чыгармалардын арааны жүрүп, өзүнүн окурмандарын тапты. Көркөм сөзгө мурдагыдай катуу талап коюлбай калды, акын-жазуучулардын кесиптик камылгасы аксап, мейли прозада, мейли поэзияда, мейли драматургияда болсун, профессионализмдин деңгээли төмөн түштү. Поэзияда чоң жаңылык, эстетикалык секирик деп айткыдай, адабияттын жаңы деңгээлин көрсөткөн чыгармалар жаралган жок.

 Албетте, империянын кулашы, Совет бийлигинин кыйрашы коммунисттик духта тарбияланып, ошол заманда чыгармачылыгы калыптанган ал кездеги улуу муундагы, орто муундагы акындар үчүн бул окуя өзүнчө эле чоң трагедия болгон. Алар А.Акаевдин чакчелекей түшкөн демократиясын да, “аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабаган” (Т.Чынгышев) приватизациясын да, рынок экономикасын да, “эс-талма терапиясын” да кабыл албай ырларында нааразылыктарын билдиришкен.

Кайда кетти көп акча?

Спикери, вицеси

Миллиондоп жеп атса.

Текшергенде уялбай:

“Кийин төлөйм” деп атса.

“Үч миллион кеппи” деп

Депутаттар талашса,

Уят деген каякта?

Сыйыт деген каякта?

Же: Чоң заводдор таланды,

Таланбаган не калды,

Директорлор баш болуп,

Ташып кетти аларды, - деп акын Жалил Садыков сайсөөгү сыздап, көз көрүнөө казынага кол салып, завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздордун байлыгын уурдап, тоноп жаткан бийлик адамдарынын бетин ачкан. Ал эми Омор Султанов “ушундай кыйын заманда элдин келечеги кандай болот?” деп коогаланып, бул санаа анын жандүйнөсүнө бүлүк салат, элдин ырыскысын жеген, бийликтеги кепини күйгөн коррупционерлердин тагдыры кандай болорун:

Келер бир күн дүйнө тарып, жер тарып,

Туш-тушуна туюк камоо жаралып, 

Арт жагында эң ыплас жол калып,

Алды жагын көр туңгуюк карарып, - деп көрөгөчтүк менен өлкөнүн жетимиш жылдык байлыгын талоонго берген А.Акаевдин, коррупциялык схемаларды гүлдөткөн К.Бакиевдин “арт жагы ыплас”, алды жагы туңгуюк бийлигинин трагедиясын ачык айтып, өлкөнүн, элдин тагдырына кабыргасы кайышып, ырга салган экен. Элдин жонунан кайыш тилип жаткан коррупциялашкан бийликке карата ушундай эле курч сын айтуу мотивдери Н.Байтемиров, С.Жусуев, Б.Сарногоев, А.Өмүркановдун 90-жылдардагы публицистикалык ырларынын негизги пафосун түзөт. Бирок, аталган акындар өмүр, өлүм, сүйүү сыяктуу түбөлүктүү темаларынан алыстаган жок. Ошол 90-жылдары публицистиканын артынан сая түшкөн акын Шайлообек Дүйшеев болду. Муну “Кайдыгерлик”, “Арабадагы ыр”, “Шамал “, “Туз” жыйнактарындагы ырлар айкындап турат. “Кыргызстан маданиятынын” 1988-жылдын 17-мартындагы №12 санына Ш.Дүйшеевдин “Отуз тогуз” деген ыры чыккан. Бул ыр ооруп, врачтар туура эмес дарылап, отуз тогузунда кайтыш болгон киши тууралуу. Лирикалык каарман досунун агасынын өлүмүнө чындап кейип, кайгырганы, табигый да, таасирдүү да чыккан. Ошол ырды акын улантып, көлөмүн көбөйтүп, “Кайдыгерлик” деген ырга айландырган. Мында ошол кездеги гезиттерде көп жазылган каада-салт, тарых, жер аттары, экология, доктурлар сыяктуу көйгөйлөрдү сыпаттап, ыр ушул проблемалардын конгломератынан турат. Алсак, “Отуз тогуз” чыныгы күйүттөн жаралган, бир дем менен жазылган ыр. Ал эми “Кайдигерлик” жалган пафос менен жазылган, жасалма ыр. Акындын ушул ырынан баштап тили бузулуп, орой, одоно, оозго алгыс сөз айкаштары лексикасында кеңири колдонулуп, көркөм сөздүн кутун учуруп, ырдын кунун кетирген: “Эл – деген биз, макулук да, маймыл да, эч нерсе да, эч ким дагы эмеспиз”, “Тарп айланган кузгунга окшоп”, “Эшектей кара күчүң”, “Айбанчалыш уулдарың”, “Акмактарың, арсыздарың, эссиздериң”, “Бөксөлөрдө сөөк-саагың калат, кыргыз”, “эшейип”, “шерменде”, “көчүгү менен тепсеп, көзүнө шалп түкүргөн айбандар”, “эл дегениң кой тура”, “малга окшош, момун, маңыроо” деген сыяктуу кесир чайкаган сөздөр жайнайт. Бул эпитеттер, салыштыруулар, мүнөздөмөлөр акындын сөзгө туюму мокоп, табити бузулуп, сезим ченин билбегендигин айкын далилдеп турат. 

Көрдүң беле Дардаң мырза...

Чор баскан колдору бар...

Тумакчан, купайкечен, 

Арактын, тамекинин

Жыты сиңип,

Сасып калган аязга, аптапка да 

Сөңгөктөй катып калган,

Жай-кыштыр жумуш таппай

Көчөдө басып калган 

кишилерди?

Ошол сенсиң Дардаң мырза, - деп акын ыргыштап, кыйналган элге ылым саноону, боор толгоону мындай коюңуз, элди табалап, мазактайт. “Эне тилин унуткандар”, “Кыянаттык”, “Кыргызбай менен Кыргызгүл баяны”, “Ысык-Көлдү сакта дейсиң”, “Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз” сыяктуу ырларында 1989-90-жылдарда гезиттерде көтөрүлгөн утурумдук проблемаларды ырга салган. Бир таңгалычтуу жагдай, жогорудагы улуу муундагы акындар мамлекетте, коомдо болуп жаткан тескери көрүнүштөрдү көзгө сайып көрсөтүп, бийликти катуу сындап, курч көйгөйлөргө өлкө башчыларынын көңүлүн бурууга аракет кылышкан, ал эми Ш.Дүйшеев баардык кемчиликтерди элден көрөт, элге асылат, элди шылдыңдайт да, бийликке жүгүнүп:

Кылбайбыз түк акарат,

Президент азамат!

Сасып кеткен өлкөнү,

Салса дейбиз тазалап, - деп А.Акаевге кошомат ырын жазган. Жалпысынан Ш.Дүйшеевдин публицистикалык ырлары оңунан чыкпай калган. Анын алешем бойдон калган “Жүз ыр” деген хроникалары да ушул ойду ырастап турат. Деструктивдүү маанайда жазылган, тарбиялык мааниси жок “Кайдыгерлик” деген ырды поэзияны түшүнбөгөн Абдыкерим Муратовго окшогон илим докторлору мектеп үчүн жазылган “Кыргыз адабияты” окуу китебине киргизгени туура эмес болгон. Себеби “Кайдыгерликте” козголгон утурумдук маселелер негизинен чечилген – Кожомкулга, Алыкулга эстелик коюлду, орус кыштактары кыргызча аталды, кыргыз тилинин көйгөйлөрү чечилип жатат. Демек, бул ыр качан эле актуалдуулугун жоготкон. Андан көрө “Ош базарда бир жетим бала жүрөт” деген ырын окуу китебине киргизүү керек. Акындын бул ыры азыркы учурга типтүү көрүнүштү жандуу, элестүү сүрөттөгөн. Анткени ошол жүдөгөн, жыртык кийимчен, ар кимден кагуу жеп, ыдык көргөн баланын табияты жетим болуп жетилген Ш.Дүйшеевге жакын, ал аны жакшы түшүнөт, ошон үчүн бул образ жандуу чыккан, акын балага чындап эле ичи эңшерилип, боору ооруйт, көзүнөн жаш тегеренет. Бул ыр аркылуу эне-атасы тирүү туруп, томсоруп, эне мээримин көрбөй чоңоюп жаткан жүз миңден ашык мигранттардын балдарынын аянычтуу тагдыры берилген.

 Шайлообек Дүйшеевдин “Гүлкайыр” деген ырында үч объект бар алар: көл, гүл, пансионат. Бир караганда лирикалык каарман күйдүм чокту созолонтуп, сүйгөнүнө жетпей калгандай таасир калтырат: 

Ойлогон эмес экенмин,

Ошондо сени табам деп, - деген саптардан улам акынды арманда калтырып, азапка салган кайсы кермекаш болуп кетти деген ой келет, бирок акын сөздүн гүлүн терип, айчырайлуу селкиге эмес, пансионатка ашык болуп жатканы белгилүү болгондон кийин жанатан лирикалык каарман менен кошо муңайып, махабат сезимдеринин жалынына чарпылып жаткан окурман башынан ылдый муздак суу куйгандай эле абалда калат, көрсө, акындын ичи кымча бел, айчырайлуу кермекашка эмес, пансионатка элжиреп, ошого айтарга сөз таппай кыйналып жаткан экен: 

Суйкайып сулуу жер андан,

Сулуусуң гүлүм сен андан.

Кызганып башка гүлдөрдөн,

Кыз-жигит келип дем алган, - деген саптар ыр пансионатка арналганын кашкайтып эле далилдеп жатпайбы, анан калса, ырда сулуулугу, кылыгы менен суктандырган аялзаты тууралуу бир ооз сөз жок:

Дартына даба эталбай, 

Далайлар жүрсө жеталбай.

Өмүрдүн баркын кеч сезип, 

Өзүңдөн турам кете албай, - деген саптарынан акын ошол ашык болуп, “арзуу” ырын арнап жаткан пансионатка барганда өзүн адам катары сезип, кыр ашып бараткан өмүрүнүн баркын ошондо араң туйгандай түрү бар. Ошентип, акын пансионатка арнаган сүйүүсүн:

Гүлгө окшош эркем кош эми,

Күнөөлүү болсом кечиргин, - деп аяктайт. Эми пансионатты “эркем” деп эркелетип, андан кечирим сурап, салбырап башын салып турганын акындын фантазиясы деп жымсалдап койсок деле болот эле, бирок, ага көз жумуп коё албай турган бир жагдай бар. Кыргыз баласы жылкыны, мүнүшкөр болсо, өзү таптаган кушту жанындай көрүп, кандай эркелетсе, кандай сөз айтса да жарашат, анан миңдеген адамдар келип эс алып, көңүл ачкан имаратты акылынан адашып сүйүп, Мажнун болуп калууну кандай түшүнсөк болот? Бул эч кимдин капарына келбей турган иш да... Ырда акынды акылынан адаштырган пансионат, гүл, көлдүн ассосиациясынан айчырайлуу аялдын образы жаралган жок. Анткени бул ырды акын өзүн кыйнап, “Гүлкайыр” пансионатынын директоруна арнап жазган экен. Ошон үчүн ыр жасалма чыгып, ыргагы да, уйкаштары да аксап, жүр-нарыга салынып жазылганы кашкайып көрүнүп турат.
(Уландысы бар)

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер