Ал Орусияда жатып алып азгырып, үй-бүлөмдү бузганы калды...


Биздин үйлөнгөнүбүзгө болгону 6 жыл толду. Ортобузда 5 жана 3 жаштагы уул-кызыбыз бар. Мен ушул убакка чейин өзүбүздү бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарына кошуп келгем. Бирок жакындан бери дүйнөдө менден өткөн бактысыз аял жоктой, өзүмдү тебелендиде калгандай сезип жатам. Эмне үчүн дейсизби? Жолдошум социалдык тармактардын фанаты. Колунан бир мүнөткө да телефону түшпөйт. Бирок бул адатын азыркы жаштардын “оорусу” катары кабыл алып, бир да жолу трагедия кылган эмесмин. Анткени өзүмдун деле Инстаграмсыз жашоом кызыксыз болуп каларын билем. Бир жолу жолдошум кимдир бирөө менен жазышып жаткан. Менин сүйлөгөнүмө маани бербей кызуу жазышып жатканынан карасам, көздөрү күлмүңдөп, жүзүндө башкача бир бактылуулук бар экен. Буга чейин эки кайталаган сөзүмдү жүзүнө тигилип туруп дагы бир ирет кайталадым. Жок. Айланасында эмне болуп жатат, ага бирөө сүйлөдүбү, эч нерсе менен иши жок. Телефонго биротоло кирип кетиптир. Төртүнчү жолу үнүмдү бийик көтөрүп сүйлөгөнүмдө гана “селт” этип башын көтөрүп, маңдайында турган мени көрүп калдастап калды. Ушул окуядан кийин күйөөмдөн шек санай баштадым. Аны мынчалык бактылуу кылган ким экенине кызыктым. Өзү ачкан кезин аңдып жүрүп эки күн дегенде телефонунун сыр сөзүн билип алдым да, уктагандан кийин акырын телефонун алып аңтара баштадым. Көп кыздар менен эрмектешиптир. Алардын арасынан бирөөсү менен жазышкан сөздөрү мени нес кылды. Көрсө, ал бойдок кездеги таанышы экен. Жөн эле таанышы эмес, экөө тең ошол кезде эле бири-бирин жактырышарын моюндашыптыр. Анысы азыр Орусияда иштейт имиш. Эки айдан бери байланыштары тереңдеген. Күндөн-күнгө мамилелери жакындап отуруп, ушул күндөрү бири-бирисиз жашай албай калгандай деңгээлге чейин жетип калышыптыр.
Айдана











