Дастан Бекешов: “Соттун чечими жок эле сайтты блокировка кылган туура эмес”

-- Дастан Далабаевич, сиз Дильшат Асылбаеванын жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү мыйзамын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылыптырсыз. Ал качан каралчудай?
-- Биз өткөн жумада арыз бердик. Эми Конституциялык сот аны каттап, бир датаны белгилеп, карап баштайт. Менимче, бул процесс көпкө созулат го... Негизи, Конституциялык сотто арыздар алты айдын ичинде каралат экен.
-- Бул арызыңыздан натыйжа чыгарына көзүңүз жетеби, же “неси болсо да бир аракет кылып көрөйүн” дейсизби?
-- Андай эмес. Мен жөн эле убакытты кетирип эмне кылам? Бул мыйзам негизи өтө калпыс. Соттун чечими жок эле сайтты блокировка кылган туура эмес да. Аткарылышы боюнча да бир топ суроолор бар. Ошон үчүн мен мыйзамды жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылдым.
-- Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждарды бузууга байланышкан чыр боюнча эмне айта аласыз?
-- Гараж ээлери ал жерди элүү жыл колдонуп жүрүшкөн. 2017-жылы соттун чечими чыккан экен. Арадан беш жыл өткөндөн кийин аны аткаруу боюнча маселе коюлуп жатат. Беш жыл эч ким ал чечимди жокко чыгаруу тууралуу доо арыз менен кайрылган эмес. Себеби, соттун ошондой чечими бар экенин көбү билбейт. Негизи эле маселени күч менен чечкен туура эмес да. Варианттарды сунушташ керек эле. “Биз бул жерге көп кабаттуу парковка курабыз, силерге башка жактан жер берилет” дешсе болмок. Ошону кылбай жатышпайбы...
"Азия Ньюс" гезити