Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уран Рыскулов: “Садыр Жапаров 150 жылдан берки эрежени кантип бузду?..”

Уран Рыскулов: “Садыр Жапаров 150 жылдан берки эрежени кантип бузду?..”

25-декабрь, 11:29
1 651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Уран мырза, бу сапар президенттик шайлоого аттанган кайсы талапкерге ийгилик жылмаят?

-- Садыр Жапаров утат. Бирок, бул жеңишти “ийгилик” деп айта албайт элем. Өтө оор мезгил анын президенттик дооруна туш келет окшойт. Тагыраагы, дүйнөлүк кризис, пандемия сөзсүз түрдө бизге дагы өз таасирин тийгизбей койбойт. Эмки жыл биз үчүн эң оор жылдардын бири болот. Соцфонддун өкүлүнүн маалымат каражаттарына берген маегин эске алсак, эмки жылы социалдык төлөмдөр, пенсия, пособиелер төлөнбөй калышы толук мүмкүн экен. Бул деген бийлик үчүн катастрофа. Анткени, кыргыз эли коррупционерлер менен чиновниктерди эске албаганда эки финансылык булактын эсебинен жашап калган. Биринчи булак – сырттагы эмгек мигранттардан келген акчалар, экинчиси – пенсия, пособиелер. Элет жеринде “үй-бүлөңдө пенсия алган кишиң болсо, талаада калбайсың, ачка калбайсың” деген сөз көп айтылат. Ошол жарыбаган пенсия дагы берилбей калса, эл бийликти эмне кыларын элестетип көргүлө...

-- Садыр Жапаровго ишеним арткан эл стадионго жык толуп, өздөрү келип жатабы же жолугушууну уюштургандар мыкты иштеп жатышабы?

-- “Эл Садыр Жапаровду көрүү үчүн көп келип жатат” деп биз өзүбүздү өзүбүз алдабашыбыз керек. Илгерки грек ойчулу айткандай, “элге үч нерсе керек: нан, жылуулук жана шоу”. Элдин көпчүлүгү ошол шоуну көргөнү келип жаткансыйт. 

Кыргызстанда бийликке келиш оңой, бийликти сактап калыш кыйын экенин төрт президенттин тагдыры тастыктады. Өткөн президенттердин тарыхтарына көз чаптырсак, “шайлоодо көп киши колдоду” дегендерди ошончо көп киши келип кууган. Ошон үчүн кыргыздар "бош чака катуу даңгырайт" дешкен. Бүгүнкү күнү Садыр Жапаровдун мойнунда болуп көрбөгөндөй чоң жоопкерчилик турат. “Элди мурдагы президенттердей эле башкарып кете берем” десе, чоң катачылык кетирет. Анткени, эл жакшы жашоону, өзгөрүүнү эңсөөдө. Ошон үчүн кааласак-каалабасак да системалык өзгөрүүгө баруу зарылчылыгы турат. Ошондой эле Садыр Жапаровго маалымат майданында утултпай турган күчтүү аналитикалык команда керек. Антпесе, командасынын алсыздыгы байкалып калды. Айрым учурда оппоненттери утушка ээ болуп жатат.

-- “Азыркы шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү керек” дегендер да бар. Шайлоо кодексинин чийкилигинен башаламандыктар орун алып жатабы же кыргызга жат нерселер көбөйгөнү үчүн ушундай жагдайга кептелдикпи? 

-- Бүгүнкү күн маалыматтык согуштун мезгили. Жалпы эл маалымат согушунан ким жеңсе, ошол кишиге добуш берип келген. Кыргыздын каада салтында хан шайлоону сүрмө топко салып берген эмес. Анткени, сүрмө топто ким катуурак кыйкырса ошонун гана үнү угулуп, кеменгер кишилердин үнү угулбай калган. Улуу ойлор тынчтыкты сүйүп, ач кыйкырыктан алыс болгон. Ошону билген глобалисттер XXI кылымдын аферасы болгон “бир киши – бир добуш” деген кыргыздын жандүйнөсүнө жат эрежени киргизишип, бизди талкалашкан. Кыргыздар кишинин добушун санаган эмес, салмактап көрүшкөн. Мисалы, Калыгул олуянын добушу бүткүл Көл өрөөнүндөгү элдин добушун басып кеткен. Көл аймагы Калыгулга добушун өткөзүп беришип, ал жактын атынан сүйлөөгө мандат беришкен. Азыркы Батыштан бизге таңууланган эреже боюнча Калыгулдун добушун саясат менен иши жок, тоодо кой кайтарып жүргөн койчунун добушуна теңешкен. Бул туура эмес... Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен эл шайлоодо адашпасын десек, биринчи кезекте шайлоо кодексине өзгөртүү киргизели.

-- Талапкерлердин арасында элдин тынчтыгын бузуп, саясатты башка нукка бурууга ашыккандар арбын. Колтугунда котур ташы барларды байкай алдыңызбы?

-- Ооба, саясатты башка нукка бурууну максат кылган талапкерлер да бар. Аларды сырткы күчтөр каржылайт. Анткени, сырткы күчтөрдүн планында Садыр Жапаров болгон эмес. Тагыраагы, сценарий башкача жазылган болчу. Ал түрмөдөн чыга калып эле бийлик башына отуруп, 150 жылдык тарыхтагы эрежени бузду. Себеби, 150 жылдан бери бизде ким башчы болорун кыргыздар эмес, сырткы күчтөр чечип келишкен.

-- Президенттикке талапкерлердин арасында “кылмыш иши козголбосун” деп аттанган азаматтар да барбы? 

-- Ишенсек болот. Анткени, эптеп эле “президенттикке талапкер” деген статусту алууну көздөгөндөр жок эмес. “Эртең кандай болуп кетет?” дешип, көпчүлүгү миллиондогон акчаларынын чачылганына кайыл болушуп, президенттик шайлоого катышып жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер