Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: “Биз ЕАЭБдеги атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз”

Төлөнбек Абдыров: “Биз ЕАЭБдеги атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз”

11-июнь, 17:33
1 747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика илимдеринин доктору, профессор менен маек.

-- Өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрү арбыды, аны чечүүнүн жолдору барбы?   

-- Экономикабыздын абалын көрүп турабыз. Аябай кыйын учурга кептелдик. Бул деген биздин эле экономикада эмес, дүйнөлүк процесс. Пандемия баарыбызга катуу кыйынчылык көрсөтүп жатат. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери эле экономикабызга жакшы көңүл бурбай койгонбуз. Мисалы, жаңы эгемендик алганда жалпы ВВП түзүлө турган дүң продукциясы башкача түзүлгөн. Анын 33%ы айыл чарба, 27%ы өндүрүш продукциясы, 7%ы курулуш тармагы, ал эми 33%ы тейлөө тармагы болчу. Бүгүн карап көрсөңөр, баары өзгөрдү. Мисалы, 12%ы айыл чарба продукциясы, 17%ы өндүрүш продукциясы, курулуш тармагы 10%га түшүп кеткен. 50%дан ашыгын тейлөө тармагы түзөт. Тейлөө болгондон кийин мейманкана, туризм, соода ж.б. тармактардын баары коронавирус илдети курчугандан бери жалпы жабыр тартып турат. Демек, салыктар түшпөй калды. Кыйынчылыктын баарын ошондон көрүп жатабыз. Биз эң алгач түзүлгөн структурабызды оңдоп, айыл чарба, өндүрүш продукциясын көбөйтүшүбүз керек. Курулуш тармагын дагы өнүктүрүү шарт. 

Пандемия учурунда баардык жагынан аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби, ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет (!) деген үмүттөмүн.     

-- Инвестициялык климатты жакшырта турган механизмдер барбы?

-- Инвесторлор келгенде алардын “менчигин коргойбуз” деп убада берип, мамлекеттик чыгымдарды азайтып, интеллектуалдык менчикти коргоп беришибиз маанилүү. Ошондо заманбап технологиялар келе баштайт. Көз карандысыз сотторду түзүү – заман талабы. Укук коргоо органдарына да реформа кылып, жакшы кадамдарды жасасак эле экономикабыз өнүгүү жолуна түшөт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер