Акыркы кабарлар
22:58
» Жанирмем » Телефондон да талак түшөбү? Ажырашкандай кабыл алдым...
Телефондон да талак түшөбү? Ажырашкандай кабыл алдым...
18-сентябрь, 08:00

Жолдошум жакында Москвага баса берген, негизи буга чейин эле урушубуз көбөйүп кеткен эле. Анын кызганчаактыгынан тажаганыман “жашабайм” деген ой да келчү. Анан кечээ дагы телефондон чатагыбыз уланып кетти. “Талак элеби? Мына сага үч талак!” деп, үч жолу айтты, эртеси кайра кечирим сурап жатат. “Баары жакшы болот, оңолом” деп убадасын катуу берүүдө. “Талак” дегенде, чынында биз эки жолго түшкөндөй кабыл алдым. Бирок жолдошум кайра жашоону уланта берүүнү туура көрүүдө. Ортобузда бир балабыз бар. Телефондон да талак түшөбү? Эми кандай кылабыз?
Нурия
"Азия Ньюс" гезити