Свердлов округунан Салянова, Биринчи Майдан Сурабалдиева өтөбү?


Бишкек шаарынын аталган эки округунан кайра шайлоого үгүт иштери башталды. Талапкерлер көп, таймаштын соңу белгисиз. Ал эми береги эки айым боюнча коомчулукта талкуулар арбын жүрүүдө.
Маселен, Аида Салянова мамлекеттик кызматтарда арбын иштегени, тажрыйбалуу кадр катары өзүн көрсөткөнү белгилүү. Башкы прокурор кезинде коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү аракеттери жасап, “киттерди” камап, тайманбастыгы менен өзгөчөлөнө алган. Кийин “Ата Мекен” партиясынан депутат да болуп, элдин көйгөйлөрүн көтөрүп келгени эсиңердеби? Эң башкысы, ал саясатчы катары оппозиция талаасында тартынбай күрөшүп, эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн. Убагында Алмазбек Атамбаев аял кишини камакка алуудан бийик болсо, Сооронбай Жээнбеков коркоктугун көрсөтүп, бийлигине таянуу менен Салянованы №1 СИЗОго каматкан эле. Биз эмнеге өткөн чакты эскерип атабыз? Себеби, Аида айым башынан көп сыноолорду өткөрдү, саясатчы катары бышып жетилди. Өзүнүн күрөшчүл экенин далилдеп, учурдагы аламан жарышка чыкты. Ошон үчүн көпчүлүк катмар, өзгөчө адилеттүүлүктү көздөгөндөр колдошобу?
Эми Элвира Сурабалдиевага келсек, ириде акчасына таянат, үгүтчүлөрдү арбын жалдап алуу менен максатына жетери айтылууда. Депутат, вице-премьер-министр катары иштеп, ишкерликтен чиновник катары телчиккен. Саясатта жолдуу, тырышчаак, коомчулуктун маанайына жараша кадамдарды жасай алат.
Эмне үчүн эки айымдын алдыга чыгышы кызуу кепке алынууда? Буга чейинки бир мандаттуу округдардан бир да аял шайланган эмес. Шагырап эле эркектер келишти, дээрлик көпчүлүгү капчыктуулар. Мындай шартта шайлоочулардын басымдуусу биз болжогон талапкерлерди колдоп кетиши мүмкүн. Негизги агым да ушул жакка ооп бараткандай...
"Азия Ньюс" гезити











