Экономика министрлиги Грузиядан консультанттарды жалдады


Дүйнөлүк банктын «Мамлекеттик финансы менеджментинин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында, бюджеттик бөлүмдүн кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү максатында экономика министрлиги Грузиядан консультанттарды жалдады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.
Грузиядан эксперттерди тартуу «Мамлекеттик финансылык менеджменттин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун аркасында мүмкүн болду. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн жана Европа комиссиясынын гранттык салымдары менен көп тараптуу донордук ишеним фондунун алкагында ишке ашырылууда. Бул донордук фонд Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылат.
Аталган долбоордун алкагында экономика министрлиги Грузиядан Policy and Management Consulting Group-PMCG консалтинг компаниясын жалдады.
“Азия Ньюс” гезити











