Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Быйыл битир-садака канча берилери айтылды

Быйыл битир-садака канча берилери айтылды

07-апрель, 19:42
1 419 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши жана дин башкармалыгы өлкө боюнча 2021-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы ар бир адамдан битир-садаканын өлчөмү – 1 килограмм 600 грамм буудай (40 сом), 1 килограмм 600 грамм мейиз (640 сом), 1 килограмм 600 грамм ун (56 сом), 3 килограмм 200 грамм арпа (64 сом), 3 килограмм 200 грамм курма (512 сом).

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөк чыгаруусу абзел. Бул азык-түлүктөрдүн баалары туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер