Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АУЦАда чатак чыгып, каржылык маселеге Чыңгыз Шамшиевдин аты аталууда

АУЦАда чатак чыгып, каржылык маселеге Чыңгыз Шамшиевдин аты аталууда

26-июнь, 20:05
2 212 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башкалаабыздагы эң атактуу университет болуп эсептелген АУЦАнын ректору Эндрю Качинс жакында жумушунан кеткени кабарланган. Март айында Дубай шаарынан почта менен келген депрессияга каршы дарылардын арасында психотроптук бир канча таблеткалар табылгандан кийин кылмыш иши козголуп, ал киши аргасыздан ээлеген ордун бошотуп бермей болгон. Жакынкы күндөрү Бишкекте сот өтүп, жазасын алат. Андан кийин АКШга кайтып кетем деген үмүттө жүргөнү кандай? Кызык бирок башкада. Көрсө, кадимки ыраматылык кинорежиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз азыркы күндө АУЦАны жетектеп, каалагандай башкарып алыптыр. Чыңгыз жакында АУЦАда ачылган техникалык мектептин баардык мүлкүн Чехияда турган апасы Айтурган Темировага каттатып, ошондон жеке киреше таап атыптыр деген маалымат тарады, чынбы? Дагы бир имиш сөздөргө таянсак, бул ишти ачыкка чыгарып баштаган Качинс мырзаны да Чыңгыз Шамшиев атайын милийса менен сүйлөшүп, иштен айдаганга жетишиптир. Шумдугуң кургур! 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер