Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Улан Примов: “Ички өндүрүштү өнүктүрүү менен жумуш орундары түзүлөт”

«Биримдик» №1. Улан Примов: “Ички өндүрүштү өнүктүрүү менен жумуш орундары түзүлөт”

25-сентябрь, 17:40
649 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясый партиясынын талапкери Улан Примов Алай районунун эли менен жолугушууларын улантууда. Талапкер Ленин, Алай, Коңур-Дөбө айыл аймактарынын тургундары менен жолугушту. Примовдун айтымында, демократиялык социализм экономикалык мамлекетти курууга мүмкүндүк берет. Ал эми ички өндүрүштү колдоо менен жумушсуздук маселеси чечилет. 

“Биримдик” партиясы – мамлекет жарандарынын жашоо деңгээлин жана анын сапатын жогорулатууга жигердүү аракет кылууга милдеттүү, ошондуктан жумушсуздукту тѳмѳндѳтүүгѳ, жумуш менен камсыз кылууга, жарандардын кирешелерин жѳнгѳ салууга таасир этүүчү жана калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүүчү, сапаттуу, терең ойлонуштурулган социалдык саясатты ишке ашырууну кѳздѳйт. 

Экономикалык саясаттын негизги милдеттери экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү жана калктын реалдуу кирешесин жогорулатуу болот. Талапкер Улан Примов белгилегендей, жалпы стратегиялык багытын колдоо менен өнөр жай, энергетика, айыл чарба, курулуш, транспорт тармактарын модернизациялоону жѳнгѳ сала турган, чийки затка негизделген экономиканы жоюп, ишкердикти жана жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экономикалык программаны иштеп чыгуу өтө маанилүү.

Талапкер бул жаатта партия өзүнүн программасын иштеп чыкканын жана мамлекеттик социалдык саясат улуттук кызыкчылыктарга жооп берүүгө тийиш экенин билдирди. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер