Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнис ТИЛЕКОВ, улуттук онкология жана гематология борборунун директору: “Булганыч аба рак эле эмес, түрдүү башка дарттарды да чакырат”

Эрнис ТИЛЕКОВ, улуттук онкология жана гематология борборунун директору: “Булганыч аба рак эле эмес, түрдүү башка дарттарды да чакырат”

06-декабрь, 14:58
660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө жүзүндөгү кирдүү шаарлардын алдыңкы сабына чыктык. Көпчүлүк эл санаага батууда. Жаңы конуштарда жана ТЭЦте сапатсыз көмүрдүн жагылышы, айрым жерлерде ар кандай калдыктар менен жылынгандар, миңдеген эски машиналардан булганыч түтүндүн чыгышы – Бишкек шаарын ышка чулгап салды. Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилековдон учурда Кыргызстанда каттоодо турган рак оорулары жана бул оорунун жаралышына булганыч экологиянын таасири тууралуу суроолорубузду узаттык.  

-- Алгач өлкөбүздө рак оорусуна чалдыккан адамдар саны, азыркы абал тууралуу пикириңизди уксак?..

-- Учурда 25 миң адам рак илдетине чалдыгып, улуттук онкология борборунда каттоодо турат. Алардын ичинде эмчек рагына чалдыккан аялдар биринчи орунда. Андан соң жатын моюнчасынын шишиги да кенен жайылган. Рактын бул эки түрү башкаларынан бир нече эсе көптүк кылат. Мындан сырткары, өпкө жана ашказан рагына чалдыккандар да көп. Өпкө рагына туш болгондордун дээрлик баары чылым чеккен эркектер. Ошондой эле аталган оору тукум кууйт. Андыктан жакындарынын кимдир бирөө ракка кабылып каза тапкан болсо, туугандары дарыгерлерге жыл сайын текшерилип турганы жакшы.

-- Учурда борбор калаабыздагы булганган аба көпчүлүктү кооптондурууда. Кир абанын кандай терс таасири бар?

-- Жалпы жонунан алганда экологиянын бузулушу кандайдыр бир деңгээлде ден соолуктун бузулушуна алып келет. Бир эле рак оорусу эмес, башка канчалаган көп ооруларды алып келүүчү булак десек болот. Өнүккөн мамлекет урбанизация болсо, ошол өлкөлөрдө рак оорусу менен жабыркагандар көбүрөөк. Ракты чакыра турган көп факторлор бар. Мисалы, насывайды, тамекини алсак болот. Ошонун аркасында өпкөнүн рагы, ооз көңдөйүнүн ичиндеги чел кабыктардын рактары көбөйүп жатат.  

-- Түрдүү рак ооруларын алдын алууга кандай кеңештериңиз бар?

-- Рактан сактаныш үчүн баарын өзгөртүш керек. Мисалы, күч алып жаткан рактын 30%ын алдын алса болот. Дене тарбия менен машыгыш керек. Тамакты туура ичиш керек. Чөп-чар, жашылча-жемиштерге көбүрөөк басым жасап, тамекиден, ичимдиктен алыс болуу шарт. Аз кыймыл жасоо да рак оорусуна алып келет. Биз айтып жүргөн жаман адаттарыбыздан кутулушубуз керек. Ошондо оорунун алдын алса болот. Биз өзүбүздүн ден соолугубузга өчүбүз бардай мамиле кылабыз. Кыргыздарда той-аш көп, уйку канбайт. Стресс, диетанын бузулушу – мунун баары акырындап отуруп рак оорусуна жеткирет. Адам баарын өзүнөн башташы керек. Салмагын дагы көзөмөлдөп турушу кажет. Аялдар толуп кеткенде гормоналдык баланс кыйроого учурайт дагы, эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу күч алат. Андан сырткары, этти көп жейбиз, аны азайтуу зарыл. Башка элдин дагы тамактануу маданиятынан пайдалуу нерселерди алганыбыз туура болот. 

Гигиенаны көп сактабагандыктан инфекциялык ооруларга көп чалдыгышат. Тамак ичер алдында, сырттан киргенде колубузду жууп турсак, көп оорудан кутулабыз. Кир кол менен жуга турган оорулар абдан көп. Ага мамлекет тарабынан акчанын деле кереги жок. Баарынан өзүбүз сактанышыбыз керек.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити
 




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер