Акыркы кабарлар
» Саясат » Сапар Исаков 2023-жылы бийликке келе турганын айтыптыр
Сапар Исаков 2023-жылы бийликке келе турганын айтыптыр
29-сентябрь, 19:42

Сыртта башкалкалап жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаков жакын санаалашына ведеобайланыш аркылуу чыгып, 2023-жылы бийликке келе турганын билдирип, баардык маселе чечилип атканын божураптыр, кызык бекен? Саясый кырдаал бышып калганын кошумчалап. Бул боюнча тарапташтары, атамбаевчилер да иштеп атканы каңкууланды. Эмне дейли? Тынчтык эле болсунчу... Ошондо Москвадан Сапар Исаковду президент кылып дайындашабы? Быяктагы эл менен Кремль эсептешпейби? Коомчулук жапырт каршылык кылышып, “сары чийкил баланы” жуутпай, жерип салышсачы? Же өкмөттү жетектегени келеби? Айтор, суроолор көп. Башынан эле кыргыз саясаты күтүүсүз көрүнүштөргө бай эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити