Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов, пенсионер: “Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, оппозиция ооз ача албай калды”

Качкын Булатов, пенсионер: “Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, оппозиция ооз ача албай калды”

26-ноябрь, 08:00
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Качкын агай, өлкөдө жашоосу оңолгондор көбөйүп, өнүгүү жолуна түштүкпү? Сизге сезилип атабы?

-- Чындыкты бетке айткан жакшы да. Кыргызстандын өнүгүп-өсүп жатканы Акылбек Жапаровдун эле эмес, менин көзүмө да көрүнө баштады. Себеби, Кыргызстанда эмне деген курулуштар жүрүүдө? Ипотекага кабат үйлөр көп курулуп, эл жумуш менен камсыз болууда. Башкасын кой, айылда деле бош кишилер калбай калды. Талаада, өндүрүштө иштеп, анан калса, мал сойгонго дагы киши табылбай калган учурларды кантебиз? Калк жумуш менен алек болгон үчүн акча табылып, жашоо-турмуш оңолуп, мамлекет өнүгүп жатат да. Көпчүлүк жакшы каражат таба баштаганы үчүн илгеркидей жапыз же эки бөлмө үй кургандар жок. Баары эле хансарайларды салышууда. Ошондой эле ажаткана, жуунуучу жайды дагы үйдүн ичине киргизип, ысык суудан бери чыгарып, шаардагыдай эле шарт түзүшүүдө. Башкача айтканда, жашоо турмуш алда канча оңолду. Элдин баары мурункудай кара шыбак менен жашабай, келиштире жасалгалап, евро кылып жатышат. Мунун баары кыргыз эли өнүгүп-өсүп жатканын көрсөтүүдө. 

Эл асыл тукум малга маани берип, аны көбөйтүүнү колго ала баштады. Кыскасы, заводдор салынып, машинелер курулууда. Жашообуз акырындык менен эмес, секирик менен оңолууда. Шаар автобустар менен камсыз болду. Акылбек Жапаров мына ушул нерселерди эске алып, “өлкөдө жашоосуна канааттанган адамдардын саны кескин түрдө өстү” деди окшойт. Чынында ушул нерсенин баарын жолго коюш оңой иш эмес. Кемчилик баардык эле жерде кетет. Ошон үчүн ниетти оңдоп, жакшы жашоого умтулуп, “жаман” дегенди токтотуп, аракеттенишибиз керек. 

-- Иш алдыга жүрүп, Кыргызстан өнүгүп жатканы үчүн оппозиция таасирин жоготтубу?

-- Бир сөз менен айтканда, өлкөнүн өнүгүп, иш динамикалуу түрдө жүрүп жатканы үчүн парламент менен оппозиция ооз ача албай калды.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер