«Биримдик» №1. Айнура Осмонова: “Биз ѳлкѳ бюджетинин максаттуу жумшалуусун камсыз кылабыз!”
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айнура Осмонова Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ.
Жалал-Абад шаарынын Достук аймагынын жашоочулары менен жолугушууда талапкер 6-чакырылыштын депутаты катары кабыл алынган мыйзамдар, кылынган иштер тууралуу маалымат берди.
Ошону менен бирге талапкер «Биримдик» партиясынын программалык багыттарына да токтолду. Анын айтымында, партия парламентке шайланып баргандан кийин мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындыгын, максаттуу чыгымдалуусун камсыз кылуу багытында иш алып барат. Эл, коомчулук ѳлкѳ казынасындагы каражаттын каякка жумшалып жаткандыгын билүүгѳ тийиш. Ошол эле кезде бюджеттин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүү да партиянын экономика жаатындагы башкы максаттарынан болот.
Ошондой эле Айнура Осмонова бюджет маселесинде реформаны жүргүзүп, жергиликтүү бюджеттин потенциалын кеңейтип, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынынын бюджетти түзүүдѳгү ыйгарым укуктары күчѳтүлѳрүн билдирди.
Кесипкѳй банк кызматкери катары банк системасындагы кылынчу иштерге да токтолду. Ал ѳз сѳзүндѳ айткандай, экспорттук-импорттук банк түзүлүп, ал аркылуу экспортко багытталган ишканаларды колдоо саясаты ишке ашырылат. «Ѳлкѳнүн экспортунун кѳлѳмүн кѳбѳйтмѳйүнчѳ экономиканы кѳтѳрѳ албайбыз. Ал үчүн ѳз продукцияларын экспорттогусу келген ишканаларга мамлекет тарабынан чоң колдоо болушу керек. Импорт басымдуулук кылган жерге экономиканын ѳсүшү жѳнүндѳ сѳз кылуу кыйын. Тилекке каршы, биздеги абал ошондой», - деди ЖК депутаттыгына талапкер.
Соңунда талапкер жалал-абаддыктарга кайрылып, добуш берүү күнү жарандык позицияларын билдирип, ѳз тандоолорун кылууга, добуштарын сатпоого чакырып ѳттү. «Добушуңуздарды сатпаңыздар! Сиздердин добушуңуздарды келечегибизди тандайбыз! Анын жакшы же жаман болушу сиздерден кѳз каранды!», - деди.
«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.