Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Сүрөт) Аида Касымалиева депутат болгону канча килограммга семирди?

(Сүрөт) Аида Касымалиева депутат болгону канча килограммга семирди?

30-август, 14:18
3 936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир жолу депутат болгон адам мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра эле жүткүнө бергени эмнеси? Себеби, мандат кумары күчтүү. Той-аштарга барганда “депутат” деген аты бар. Астында машина белен, мамлекеттен бензин куюп берет, жардамчысы, шопуру бар. Айлыгы арбын. Отпускнойду олчойто алат. Командировкага байма-бай чыгып турмай. Турист катары чет өлкөлөрдү кыдырат. Отурган жери Акүй. Айтор, жыргализм жашоо да...

Мына ушундай чартаңбай тепкен “замандан” ким эле баш тартсынВице-спикер Аида Касымалиева экинчи ирет парламенттик шайлоого аттанды. Колдо шанс турганда кое берген оңобу? Калыстык үчүн баса белгилеп коелу: Аида Касымалиева башка аял депутаттарга караганда өйдө турат, жүнү тирүү, билими бар, сергек. Активдүү иш алып барат. Бирок, кошомат кылуу, сатып кетүү жагынан алдына ат салдырбайт эй! Мурда Алмазбек Атамбаевдин тилин таап, депутат болсо, азыр да жогор жактагыларды ынандырып, бал тилге салуу менен жол тапкычтыгын көрсөттү. Баракелде! Эч кызганыч жок. Кызыгы, бул бийлик кеткенден кийин башкалары келет, аларга кантип жармашат болду экен? Же “сыйкырчылык” өнөрүнө салуу менен арбап алабы?..

Төмөнкү сүрөткө көңүл бурсак, Аида айым 2017-жылы жаңы депутат болуп келгенде арыкчырай экен. Азыр болсо балчайып, жакшы эле семириптир. 20 килограммдай салмак кошкон го? Кыязы, мандат минип отурган жаккан окшойт. Эми да депутат болсо, эттүүлүгү 100 килораммга чыгабы?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер