Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакиевдер бүтүп, эми алардын балдар-кыздары тумшуктарын матыра баштадыбы?

Бакиевдер бүтүп, эми алардын балдар-кыздары тумшуктарын матыра баштадыбы?

25-декабрь, 16:47
1 329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин бир тууганы Марат Бакиевдин кызы Кыргызстанга 100 электромобилдерди алып келерин жар салышып, пиар кылып жатып калышты. Элибиздин көпчүлүк катмары кыжырдануу менен кабыл алганын байкадык. Себеби, 2005-2010-жылдар аралыгында ондогон буюртма адам өлтүрүүлөр болгону, 7-апрелде 87 бала шейит кетип, канчасы майып абалында жарык дүйнө менен кош айтышты? Өткөн күндөрдөгү аянычтуу окуялар унутулбайт, ошон үчүн кечирилбейт! Кандуу режим тушунда Максим, Жаныш баш болгон үй-бүлө мүчөлөрү элдин ырыскысын каалагандай “майкандашып”, “жондон кайыш тиле” баштаганда төңкөрүш болбоду беле? Эми Бакиевдердин өздөрү бүтүп, алардын балдары ири бизнес долбоорлорун башташканы, өлкөбүзгө коркунуч жаратышып, тумшуктарын салып киришкени кандай? Буларсыз деле электромобилдик автоунааларды алып келе алабыз. Бизнес өнүгөт. Эң башкысы, мамлекетибизде туруктуулук, адилеттүүлүк сакталышы зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер