Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер: «Абанын бузулганын алдын албасак, генефондго доо кетет»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер: «Абанын бузулганын алдын албасак, генефондго доо кетет»

06-декабрь, 13:56
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, акыркы учурларда шаарды демейкиден да ыш катуу каптап, анын экологияга, адамзатка зыяны чоң экени көтөрүлүп жатат. Физик катары айтсаңыз, шаарды каптаган ыш автомобилдерден бөлүнүп атабы, же башка себептери барбы? 

-- Чынында автомобилдердин техникалык абалдарын текшере турган көзөмөл функцияларыбыз иштебей калды. Физик, химик катары айтсам, автомобилдерден чыккан ыш-түтүндөр салыштырмалуу абдан оор газдарга кирет. Бөлүнүп чыккан ыш эч качан 3-4 метрден өйдө көтөрүлбөйт. Ошондуктан, эң чоң экологиялык катастрофаны дал ушул автомобилдер жаратууда. Туура, кээ бир активисттер элди унаасыз жүрүүгө чакырып, экологиянын булганышынын алдын алууга аракет кылганга үндөп жатышат. Мындай демилге жаңылык деле эмес, бул дүйнөлүк практика. Мен өзүм унаа айдабайм. Унаасыз жүрүүнү кош колдоп колдойм. Мындай акция өкмөттүк деңгээлде болсо, андан да жакшы болмок. 

-- Автомобилдер эле экологияны бузуп жатпаса керек... 

-- Албетте. Бишкек убагында советтер союзундагы эң көрктүү шаар болгон. Архитектуралык жактан да, абасынын тазалыгы жактан да суктанарлык эле. Азыр чаржайыт курулуштар курулуп, жылуулук борборлордун, жеке секторлордун көзөмөлсүз иш алып барып атканынан баары бузулду. Күйүүчү майлардын тазалыгы көзөмөлдөнбөй калды. Атмосфераны бузган негизинен ушулар. Алдын албасак, генефондго доо кетет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер