Мамлекеттик ишмер Исак Суваналиев 100 жашта!


Айтматов районуна Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз СССРнин Жогорку Советинин депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер Исак Суваналиевдин айкели орнотулду. Салтанаттуу иш-чарага коомдук, мамлекеттик ишмерлер, райондун ардактуу аксакалдары катышышты.
Иш-чараны райондун акими Нурлан Умаров ачты. Өз мезгилинде Киров, Талас райондорунда, алыскы Тогуз-Тородо райкомдун 1-секретары катары иштеп, ак эмгектин акыбети менен Кыргыз СССРнин Жогорку Советинин депутаты болгон Исак Суваналиевдин өрнөктүү өмүр жолу мамлекеттик кызматчыларга үлгү экендигин баса белгиледи.
Исак Суваналиевдин бир тууганы, коомдук ишмер, Талас облусунун ардактуу атуулу Жапарбек Туржанов, мамлекеттик ишмер Искендер Айдаралиев, ардактуу аксакал Турусбек Бекмамбетовдор сөз сүйлөшүп, бүт өмүрүн мамлекетке арнаган мекенчил инсандын эмгегин эскеришти.
Иш-чаранын катышуучулары Исак Суваналиевдин жаш кези, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан учуру, дээрлик басып өткөн өмүр жолу чагылдырылган сүрөт галереясы менен таанышышты.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолуп, маркумдун арбагына багышталып куран окулду.
“Талас Байрагы” интернет гезити
P.S. Мамлекеттик ишмер Исак Суваналиев 8-майда 100 жашка толду. Анын урматына бюсту коюлуп, кичи мекенинде эскерилди. Каарманыбыз Улуу Ата Мекендик согушта Берлинге чейин барып, жеңишти камсыздоого катышкан. Ал өмүрүн эли-жери, мамлекети үчүн арнаган чынчыл инсан эле. Исак Суваналиев кадимки генерал Өмүрбек Суваналиевдин атасы.












