Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакытбек Жумагулов: “Салимбай байбача кыргыз бийлигин тескей албайт да...”

Бакытбек Жумагулов: “Салимбай байбача кыргыз бийлигин тескей албайт да...”

19-январь, 19:02
812 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Евразиялык стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек мырза Эмил Жамгырчиевдин айланасындагы түшүнүксүз көрүнүштөргө жооп берди. 

-- Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү боюнча парламентке кайрылган эле. Депутаттар уруксат берген чечим кабыл алышты. Бирок, Камчыбек Ташиев аны камабасын, камоо тууралуу ою да жок экенин айтты. Камалбай турган ишке эле Эмил Жамгырчиев экинчи кабаттан секирип түшүп, артын карабай качканы коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Сиз кандай баа бердиңиз?

-- Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев боюнча түрдүү маалыматтар, жоромолдор айтылууда. Расмий маалыматта чек араны мыйзамсыз басып өткөнү айтылса, чалгындоо кызматы Жамгырчиевдин Өзбекстанга жашыруун документтерди, бланктарды бергенин тастыктаптыр деген да маалыматтар бар. Ошондой эле Өзбекстандын кримавторитетине 10 барактан турган кат жазып, кыргыз бийлигине чара көрүүнү суранганы да ачыкка чыкты. Кыскасы, имиштер өтө көп. Эми анын чын-бышыгын тергөө органдары менен сот аныктайт. Мүмкүн мына ушундай дооматтар коюларын билип, камалып калбайын деген ойдо качса качкандыр...

-- Эгер Өзбекстанга жашыруун документтерди берсе, анда мамлекеттик сырды сатууга бааланып, жоопкерчилиги татаалдашып калбайбы?

-Эгер чалгындоо кызматы Жамгырчиевдин чындап жашыруун делген документтерди Өзбекстанга бергенин аныктаса, анда мамлекеттик сырды сатканга барабар иш болуп, оор берене тагылат. 

-Эмнегедир Өзбекстандан дагы кылмыш иши козголду деген маалымат желдей тарады. Ал жакта Кыргызстандын депутаты кандай кылмышка аралашышы мүмкүн?

-Менимче, криминал менен кызматташты деген жүйө аркылуу кылмыш ишин козгошсо керек. Себеби, кыргыз бийлигин жоопкерчиликке тартып бериңиз дегендей өтүнүч менен Салимбай байбачага кайрылып жатпайбы.

-Кыргыз бийлигин тескегидей Салимбай байбача ким? Жамгырчиев жазган каттын өзөгүн түшүнө алдыңызбы?

-Ачыгын айтсам, эмнеге Салимбай байбачага кайрылып, “жоопкерчиликке тартып бериңиз” деп суранып жатканын да түшүнө албай турам. Себеби, Салимбай кыргыз бийлигин тескебейт да. Ага эмне үчүн ошондой маанидеги кат жазганы баарыбыз үчүн табышмак жана таңкалычтуу болуп жатат. Эмнеге андан жардам сурап, 10 беттен турган кат жазганы түшүнүксүз

-Эми экинчи кабаттан секирип, артын карабай качкан Эмил Жамгырчиевдин депутат болгонго укугу барбы?

-Эгер күнөөсү жок болуп, сот актаса, кайра депутат болгонго мүмкүнчүлүгү бар. Эгер тергөө жана соттун чечими аркылуу күнөөлүү катары табылса, БШК мандатын алат. Бирок, тергөө жүрүп жаткан мезгилде депутат болуп тура берет. Ал күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот гана гана аныктайт.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер