Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 16 жаштагы кыз дүйнө лидерлерин сындады

16 жаштагы кыз дүйнө лидерлерин сындады

01-октябрь, 15:39
493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында 16 жаштагы швециялык активист Грета Тунберг дүйнө лидерлерин сынга алды.  
23-сентябрдагы Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча саммитине дүйнөдөгү 60тай өлкөнүн президенттери, премьер-министрлери катышты. Бул жыйынга 16 жаштагы швециялык активист Грета Тунберг да барды. Ал дүйнө лидерлерин жаратылышты коргоого жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн сынга алды.
«Мен сиздерди көзөмөлдөй турганыбызды айткым келет. Баары туура эмес кетүүдө. Мен азыр бул жерде эмес, океандын ары жагындагы мектепте болушум керек. Сиздер бизге, жаштарга үмүт менен карап турасыздар. Ушуга кантип дитиңер барат? Сиздер куру сөзүңөр менен менин кыялымды, балалыгымды уурдадыңыздар. Бул жалгыз өзүм үчүн болсо, анда эч нерсе эмес. Бирок, адамдар өлүп, бүтүндөй экосистема кыйрап жатат. Биз жапырт жок болуу алдында турабыз. Сиздер болгону акча, дүйнөлүк экономикалык өсүш тууралуу гана айтасыңар. Ушуга кантип дитиңер барды?».
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер