Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиевадан Тойгонбай Абдыкаровго кайрылуу

Гүлзат Аалиевадан Тойгонбай Абдыкаровго кайрылуу

15-июнь, 16:15
880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Тойгонбай Абдыкаровго 

коомдук уюмдардын атынан 

Ф.А.А.: «Уюткулуу Улуу Журт» коомдук кыймылынын төрайымы, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиевадан


Тойгонбай мырза! 

Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, касиеттүү кыргыз жерин ар кандай диний агымдар каптап, сырткы геосаясый күчтөр тарабынан нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элине каршы этноцид (улут курут) жана лингвоцид (тил курут) деп аталган тарыхый кылмыштар көз көрүнөө жасалууда. 

Этноцид (улут курут) жана лингвоцид (тил курут) деп аталып, тарыхый кесепети келечек урпактар тарабынан кечирилгис болуп саналган кылмыштар таблиги жамаат деп аталган диний секта менен анын даават саясаты тарабынан ишке ашырылууда. 


Даават деген эмне?

Даават, дава, же дагват (араб тилинен عوة – «чакыруу», «чакырык») – бул ислам дининдеги насаат, же прозелитизм. Даават айткан мусулман адам эреже катары миссионер, же дин таратуучу болуп саналат. Ислам дини жаралган алгачкы мезгилдерде Мухаммед пайгамбар 23 жыл бою өз уруулаштарын жаңы динге кирүүгө тынымсыз чакырып келгени менен салттуу исламда пайгамбар статусу, атайы теологиялык билими жана дин таратуу боюнча миссионердик даярдыгы жок адамдардын бири бирине даават кылуу практикасы таптакыр болгон эмес. Бирок, заманбап ааламдашуунун шарттарында «даават» термини 1926-жылы Индияда пайда болуп, «дүйнө жүзү боюнча жанкечти террористтер менен экстремисттердин 80%ын даярдап чыгарган» деп айыпталып, расмий түрдө «экстремисттик топ» деп табылып, көп өлкөлөрдө тыюу салынган таблиги жамаат сыяктуу радикалдуу диний сектанын ажырагыс атрибутуна айланган. 

Алыска барбай эле коңшуларга көз салалычы: таблиги жамаат «экстремисттик топ» деп табылып, 2006-жылы Тажикстанда, 2009-жылы Өзбекстан менен Россия Федерациясында, 2013-жылы Казакстанда соттун чечими менен тыюу салынган.

Заманбап радикал динчилердин акылдуусун карагыла: илгери теологиялык билимге ээ жана атайы диний практикасы бар дин таратуучуларга (миссионерлерге) арбын акча төлөп берип, анан Азия, Африка, Латын Америкасы өңдүү өлкөлөрдүн жергиликтүү калкына өз динин жайылтса, заманбап Кыргызстанда сокур тыйынга сатылган бир ууч дин таратуучулар диний да, светтик да билимден алыс караңгы калкты даават аркылуу бири бирине акысыз, бирок, эффективдүү миссионерге айлантууда. Эң өкүнүчтүүсү, дааватка чыгып келген жарандардын психикалык ден соолугу да жабыркап, кечээ эле кыргыздын таптатынакай уул-кызы болгондордун кулк-мүнөзү терс жагына кескин өзгөрүлүп кетип жатканы тарыхый факт. 


Мастурат даават деген эмне? 

Араб тилинен «мастурат» деген сөздү «аял» деген мааниде которсок болот. «Мастураттын» төмөнкүдөй 3 мааниси бар: 1. «Таалим» – аялдар чогулуп, күн сайын араб тилин жатташат, радикалдуу диний маалыматтарды алышат, бири бирине каршы келген 10 миңден ашуун хадистердин өздөрүнө ылайыктуусун жатташат. 2. «Мастурат даават» – мында таблиги жамааттын өкүлдөрү аялдары менен көрүнгөндүн эшигин такылдатып, көчө таптап, биздин ата-бабалар кабыл албаган ханафи мазхабына, же салттуу исламга туура келбеген дааватка чыгышат. 3. «Баян» – айына бир жолу мастурат болгон аялдарга эркектер келип, радикалдуу динге чакырган дарстарды (лекцияларды) окушат. 


Таблигчилердин дааваттары кыргыздын нарк-насилинен да өйдөбү?

Азыркы коом улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү менен анча-мынча билими барлардын сөзүнө кулак салбай, чала сабат, же таптакыр эле сабатсыз дааватчыларды угуп калган заманда жашап калганынын өзү эле эмне деген трагедия? Бир нерсе десең эле «дааваттын жардамы менен алкаштар жоголду» деген жооп аласың. Бирок, ошол эле учурда дааваттын арты менен канчалаган кылымдарды багынтып келген кыргыз эли өзү түп-орду менен жоголуу алдында турганы менен элдин иши жок. 


Тойгонбай мырза!

Сиздин тикелей жетекчиңиз болгон мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мырза айткандай, «кыргыз наркынын чети да оюла элек». Анда эмнеге кыргыз элине кыргыздын улуу наркы айтылбай, уюткулуу салты үгүттөлбөй, Индия менен Пакистандын кыргызга кайнаса каны кошулбаган геосаясатчыларынын дааватын дарбып тараткандар жамгырдан кийин жабыла чыккан козу карындай жайнап кетти? Эң кызыктуусу, салттуу исламды бекем кармаган арабдар гана эмес, өзүбүздүн арабызда жашаган өзбек, уйгур, дунган улутунун өкүлдөрү элдин тынчын алып, эшик чертип, дааватка чыкпайт. Тектүү элдин уул-кыздары болгон кыргыздар лөлү сымал салбырап, далбырап, көчө таптап, Пакистан менен Индиядан атайы максатта ооп келген дааватты элге жайылтып жүргөнү эмне деген шермендечилик! Алгач 3 күнгө, анан 40 күнгө дааватка чыгып, психикасы бузулгандар аныкталгандан кийин аларды АКШ, Россия Федерациясы ж.б. өлкөлөргө жанкечти террорист кылып жиберүү – таблиги жаматтын негизги максаты экени сергек ой жүгүрткөн ар бир жаранга түшүнүктүү болуп турат го. Демек, кыргыздын уул-кыздарын террорист кылуу апаатынан сактап калуу жоопкерчилиги сиздин мойнуңузда, Тойгонбай мырза! 

Айтмакчы, мындан бир топ жылдар мурун «Ыйман» фондунун ошол кездеги жетекчиси Нуржигит Кадырбеков светтик мамлекеттин укук коргоо органдарынын, күч структураларынын, прокуратура сыяктуу көзөмөлдөө органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн эшигин тээп кирип, ал жерде кызмат өтөгөн офицерлер менен жоокерлерди намазга жыгып, радикалдуу маанайда диндештирип койгон. 


Улуттук интеллигенцияны куугунтуктоо

Азыркы учурда КР ИИМнин 10-бөлүмү экстремисттик маанайдагы уюмдарды жана улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан сырттан кирген белгисиз максаттары бар жарандарды көзөмөлдөөнүн ордуна, тилекке каршы, кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу салты менен уюткулуу наркын аздектеген мекенчил инсандарга чабуул жасап жатышы оркоюп эле көрүнө баштады. Мисалы: 1) этноспортчу Кубанычбек Тезекбаевди 2013-жылы каматышып, бирок ал акталып чыккан. 100 (жүз) миң сом айып пул жазага кириптер кылынган. 2) Окумуштуу Жолдошбек Адыранов 2018-жылы камалып, жазасын жабык режимдеги түрмөдө өтөп чыкты. 3) Жазуучу, журналист Зулпукар Сапанов 2017-жылы камалып, бирок коомчулуктун күчү менен камактан чыгарылган. Азыр анын иши кайрадан Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 4) Манас таануучу, окумуштуу Гүлзат Аалиеванын иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан толук акталса да, кайрадан Бишкек шаардык сотунда каралып, 100 (жүз) миң сом айып пул жазага кириптер кылынды. Ал аз келгенсип, жакында эле Тойгонбайга сын пикир айткандыгы үчүн күчкө салып, жумуштан кетиришкен. 5) Белгилүү кыргыз таануучу, этнопедагог жана этнопсихолог Мелис Мураталиевдин үстүнөн азыр динчилер арасында кол топтоолор менен аны жоопко тартууга чакырыктар кызуу болууда. 6) Санжыра изилдөөчү Жаныбек Абдыбековдун «Мээнеттүүлөр эшикте, мээнетсиздер мечитте» деген фейсбуктагы посту үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. 7) Радикалдуу динге каршы чыккан жарандык активист Марат Рыспаевдин иши Ленин райондук сотунда каралып, ал 100 (жүз) миң сом айып пул жазага кириптер кылынды. 8) Радикалдуу динге каршы чыккан Ырысбек Кожобековдун иши Ленин райондук сотунда каралып, ал дагы 100 (жүз) миң сом айып пул жазага кириптер кылынды. 9) Радикалдуу динге каршы чыккан журналист Гүлжан Шерипбаеванын иши учурда Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 10) Жаш окумуштуу Искендер Козубай улуттук баалуулуктарды коргогон идеяларды айтканы үчүн И. Раззаков атындагы КМТУдан куулуп, мектеп директорлугуна болгон сынактан эч бир жүйөлүү себепсиз четтетилген. 11) Дагы бир жарандык активист кызыбыз Сабира Джоробекова фейсбуктагы «Жаратканга өз эне тилибизде эле сыйынып, ага ыраазычылыкты кыпкыргызча эле айтсак болот» жана «Азыркы ажылык – болгону эле бизнес» деген мазмундагы посттору үчүн гана соттук куугунтукка алынып, азыр анын иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Булардын арты жакшылыкка алып барбайт. 


Талаптар:

Ала-Тоонун алакандай элин ажырым жолго салып, эки тарапка жаатташтырбай, жогоруда айтылгандардын негизинде биз Сизден төмөнкүлөрдү талап кылабыз: 

1. Таблиги жамаат деп аталган экстремисттик жана террористтик маанайдагы диний уюмду жаап, анын даават саясатына тыюу салыңыз, же мамлекеттик жооптуу уюмдун атынан анын төрагасы катары аталган диний уюмду тыюу салууга компетенциясы жана укугу бар мамлекеттик уюмдарга атайы өтүнүч менен кайрылыңыз. 

2. КР ИИМнин 10-бөлүмүнүн радикалдуу динге берилип кеткен офицерлерин жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз жана аларга светтик мамлекеттин принциптерине ылайык келген түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алыңыз. Антпесе, элде ажырым күчөп баратат. 

3. Скандинавия өлкөлөрүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга гана эмес, дин адистиктери менен байланышкан жооптуу кызматтарга да «Калевала» деген эпосту билүү боюнча сынактан ийгиликтүү өткөндөр гана кабыл алынат. Дал ошол сыңары, президенттин «Улуттук нарк» тууралуу жарлыгынын негизинде «Манас» эпосунун салттуу варианттарына таянган «Улуттук нарк» боюнча кыска мөөнөттүү ликбездер аркылуу гана улуттук идеологияны өнүктүрүп, коомду агарта алабыз.

4. Мамлекеттик телевидение жана радио, о.э. кино, реклама, көрнөк-жарнактар сыяктуу массалык маалымат каражаттары аркылуу динди, диний атрибуттарды жана араб тилиндеги сөздөрдү пропагандалоого тыюу салыңыз. Же мамлекеттик жооптуу уюмдун атынан анын төрагасы катары сөз болуп жаткан иш-аракеттерди  тыюу салууга компетенциясы жана укугу бар мамлекеттик уюмдарга атайы өтүнүч менен кайрылыңыз.

5. Мамлекеттик жооптуу уюмдун атынан анын төрагасы катары динди, диний атрибуттарды жана араб тилиндеги сөздөрдү пропагандалаган атамекендик шоу чөйрөнүн элге кеңири таанымал өкүлдөрү (акындар, жазуучулар, актерлор, ырчылар, тамадалар, КВНчилер, тамашоучулар ж.б.) мамлекеттик сыйлыктардан жана лицензиядан биротоло ажыратуу сунушун киргизиңиз.


Урматыбыз менен, 196 адамдын колу коюлду 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер