Аманкан Кенжебаев жагымсыз үнү менен айкырып, элге тааныла түштү
Сокулук районунан шайланган Аманкан Кенжебаев аттуу депутат бар экенин коомчулук биле түштү. Жаман жагынан таанылды. Дегенибиз, өткөн жумада мектеп көйгөйү боюнча маселе көтөрүп, билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаевга карата айкырып, зилинде маданиясыз экенин көрсөттү. Ансыз да жагымсыз үнү кыйкырганда огобетер иренжитип, көпчүлүктүн көңүлүн калтырды окшойт. Жинденүү, урушуу менен эч кандай маселе чечилбейт. Ички дүйнөсү жарды, тайыз адамдар бакырчаак келет эмеспи. Андыктан, Аманкан Кенжебаевдин ким экенин тааный алдык. Жогорку Кеңешти уят кылып, маанисиз бакылдаган жоругуна баш чайкагандар арбын болду. Шайлоочулары деле уялып атса керек. Кыскасы, этикасыз жоругу жолдо калсын! Кызык. Айкырганы менен мектеп салынып, маселе чечилип кеттиби? Жок. Тек гана ичиркенүү жаралды...
"Азия Ньюс" гезити