Бай адамдар кандай ой жүгүртөт?
Эгерде сиз ушуга чейин көп акча кармагандан коркуп жүрсөңүз, анда маселени айлана чөйрөдөн издебей сиздин ой жүргүртүүңүздөн издесек кандай болот? barometr.kg буга талдоо жүргүзүп көргөн.
Америкалык окумуштуулар иликтөө жүргүзүп көрүшүп кызыктуу бүтүмгө келишкен. Бай адамдар эч качан жолум болуп кетет деп күтүп отурушпайт экен, алардын ийгилиги толук жана бүтүн бойдон жашоо образы менен күнүмдүк адаттарында болот экен. Миңдеген адамдарды изилдеп чыгышкандан кийин бай адамдардын өздөрүнө таандык адаттар бар экенин аныкташкан. Алар кайсылар?
Дайыма жакшы ойлонуу
Көпчүлүк бай адамдар жашоого оптимистик маанайда карашат экен, алар эч качан наалышпайт жана арыз-муңун айтып даттанып отурбайт.
Кыялдары ишке ашаарына ишенүү
Ар бир бай адам качандыр бир кезде анын кыялдары ишке ашып бай болоруна бекем ишенгендер. Аларга коомдогу абалы, акчасынын жоктугу, жакыр үй-бүлөдөн чыкканы тоскоол болгон эмес. Алар болгону алдына максат коюп эмгектенгенди билишкен.
Ийгиликтүү адамдардын таанышы көп
Жаңы, пайдалуу адамдар менен таанышып иш алып баргандар көп ийгиликке жетишерин белгилешет.Буга 90 пайыз байлар макул болушкан.Адамга чын дилден дос боло билүү байлыкка алып барчу жолдордун бири экен.
Акча топтоону билүү
Көп акча иштеп табуу эмес аны топтогонду билүү байлыкка алып келет. Каржыны туура пайдаланып туура бөлүштүрүү чоң өнөр гана болбостон байлыкка алып бара турган бирден-бир жол экенин окумуштуулар далилдешти.