Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бажы башчысы Алмаз Салиев коррупцияны күчөттүбү?

Бажы башчысы Алмаз Салиев коррупцияны күчөттүбү?

26-май, 21:57
1 027 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эске салсак, Кант шаарындагы коррупциялык кармоолордон кийин бажынын мурдагы башчысы Самат Исабеков кызматынан айдалган. Ордуна Алмаз Салиев күтүүсүздөн келип калып, ар кандай божомолдорго “жем” таштаган эле. Бул кадр Асамидин Мариповдун күйөө баласы, Райымбек Матраимовдун кадры катары айтылган. А эң кызыгы, Алмаз Салиевдин бажы башчысы болушуна Арзыбек Бурканов салым кошконбу? Учурда аталган системага карата сын-пикирлер арбын. Жүк ташуу жана өткөрмө бекеттер толук кандуу санариптештирүүнү пайдалана алышпай, мүчүлүштүктөргө жол беришип, кандайдыр бир кызыкчылыктардын кесепетинен коррупция күчөп баратабы? Мурдагыдай эле система иштеп, бажычылар “жең ичинен” байып жатышканы жалганбы? Атайын органдар менен биргеликте туйтунушабы? Айтор, суроолор арбын. Ынанымдуу жооп беришпейт. Кыскасы, Алмаз Салиев жетекчилик кылганы эч кандай деле өзгөрүүнү, реформаны көрө алган жокпуз. Азырынча былыктары ачыкталбай бүксүй берсе, аягы тагдыры татаалдашып, жарга асылбас бекен? Коңгуроо кактык. Калганын көрө жаталы.    


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер