Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурканов менен Бөлтүрүктүн “куурчагына” айланган Атыр Абдрахматова укук коргойбу?

Бурканов менен Бөлтүрүктүн “куурчагына” айланган Атыр Абдрахматова укук коргойбу?

25-февраль, 09:00
1 087 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары омбудсмендикке Атыр Абдрахматованы көрсөтүшүп, комитет да колдоп, сыягы жеңишке жетип калды. Мындан башка таасирдүү талапкер деле жок. Эмне үчүн Атыр айым алдыга суурулду? Себеби, анын артында Арзыбек Бурканов менен Теңгиз Бөлтүрүк турганы, сүрөөнгө алышканы кабарланды. Бул эки эргулдун бизнес, кадр саясаты жагынан таасирлери артып кеткени, көмүскөдөн көп иштерди жасаганы ыраспы? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. “Ишеним” партиясынын кожоюну Бурканов экени жалганбы? Соңку убакта ал көшөгө артынан бүтүндөй парламентти башкарып атканына эмне дейсиңер? Айтор, суроолор көп. Бөлтүрүккө келсек, Кумтөрдүн “мыкчыгери” катары эбегейсиз байлыктын үстүндө отурганы, бийликке сөзү өтүмдүү экени талашсыз. Эртең Ысык-Көл облусунда кенге байланыштуу чатактар чыгып калса, жетиөгүздүк омбудсмен Абдрахматованы иштетип, элди жайгарары болжонууда. Сыягы, баары алдын ала пландалып, жолго салынганын карабайсыңарбы? Ушул иштерди аткаруучу катары куда-депутат Акылбек Түмөнбаев аркалап, чуркап жүрдү... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер