Акыркы кабарлар
» Коом » Казактар Жусуп Абдрахмановго эстелик орнотушабы?
Казактар Жусуп Абдрахмановго эстелик орнотушабы?
22-декабрь, 18:00


Филармонияда Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына карата Садыр Жапаровдун катышуусунда кече болду.1930-жылдары Казакстанды улуу ачарчылык каптайт. Бул ачарчылыкта казак элине кыргыздар кол сунат. Миңдеген адамдар өлгөн бул улуу ачарчылыкта эгер кыргыздар жардам бербегенде казактардын теңи кырылып калмак.
Ак-Төбө облусунун акимине казак активисти Турар Кусаинов 110 миң кишини репрессиялаган, 25 миң кишини атып өлтүргөн ошол кезде Казакстанды жетектеген Левон Мирзояндын эстелигин тыптыйпыл жок кылып, ордуна казак элине жардамга келген өкмөт башчысы Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу керек экендигине чакырды.










