Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бакиев үй-бүлөсү менен Садырга басым кылышты окшойт”

Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бакиев үй-бүлөсү менен Садырга басым кылышты окшойт”

17-май, 20:22
6 450 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Курманбек Бакиевди коргоо, актоо” комитетин түзүшүп, анын тарапташтары уюша башташыптыр. Бул көрүнүштү коомчулук кандай кабыл алат?

-- Бул Садырдын кылыгы, даана Бакиевдин креатурасы экендигинин далили. Мыйзам сыйлаган өлкөдө Бакиевдин үй-бүлөсү толук бойдон сот системасы аркылуу тазаланышы керек. Жүздөгөн сот процесстерине Жаныш, Максим, Курманбек, Адыл, Мараттар катышкысы келбейт. Ошондон улам алар Садырга басым кылышты окшойт. “Сен башты оорутпай «мунапыс, айкөлдүк, ырайымдуулук» деп тез-тез бүтүр, канча отурарыңды Кудай билет” дешсе керек. “Акаев кудаңды кандай актадың, бизди дагы ошондой кыл” деген сыяктуу. Көп өтпөй “баарын оптом бүтүрөм” деп Дубайга чейин барып жүрөт... Беларустан Лукашенко кетсе, ал жакта Бакиевдерге күн жок, батышпайт. Буга чейин Интерполдо издөөдө болушкан, Садыр эле алып койбосо. Ошондон кыжалат болушууда... 

-- Келчекте Сооронбай Жээнбеков Октябрь, Кой-Таш ж.б. окуялар, кыңыр иштер боюнча айыпталышы мүмкүнбү?

-- Мыйзамдуу өлкөдө толук мүмкүн. Азыркы бийлик мейли «түшүнүк» менен отурат, бирок кийин реалдуу реформатор келсе, баары элекке салынат. Ал үчүн жарандык коом күчтүү болушу керек. А биздин жалпы элдин саясый аң-сезими өтө төмөн. Булар болсо “10 жыл эптеп өтүп кетсе, “кылмыштын эскилик мөөнөтү” күчүнө кирсе кутулабыз” деген ойдо. Ортодо өз балдарын, үкө-акелерин, кыз-келиндерин, тай журт, бажаларын, кудаларын бийликке жана күч-укук тармактарына тыгышат. Ошентип адилеттикти көзөмөлгө алышат жана жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө жан сабашат. 

-- Ал эми Аскар Акаев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев тарыхтан кандай баа алышы мүмкүн?

-- Акаев саткын бойдон эле калат, Отунбаева – ал ургаачы, ага элибиз кечиримдүү эле болот. Себеби, болгону 1,5 жыл башкарган. Атамбаев күнөөсүн толук болбосо да көтөрдү, кайраты бар үчүн бир аз абройлуу болот. Бирок эки дос, Бакиев, Соке жана Розанын мафиялары бүт Атамбаевге каршы. Жалгыз баарына туруштук бере албайт, айкөл болуп отуруп калат, карыды. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер