Илим Карыпбеков экинчи Кудайбы?
Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) «Мен Кудаймын» деген сөзү экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлөт. Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жалпы жыйынында айтты.
КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков “уктуңарбы, Арстан Алай мырза “мен Кудаймын” дептир. А дин боюнча мамлекеттик комиссиия анализ жүргүзүп, экспертиза кылат экен, “чын эле Кудайбы же жокпу” деп, анан корутундусун чыгарат экен. Мен ошол комиссияга кайрылат элем: “Байкелер, мени дагы текшерип койгулачы бир жолу, чисто случайно мен дагы Кудай болуп чыгып калып жүрбөйүн, чё-то акыркы күндөрү ушинтип очки тагынып эле асманды карап калдым. Эми чисто случайно эле дегеним да, мало ли, араңарда бир Кудай пайда болсо, анан эч ким билбей эле өтүп кетсем... Обидно слушай!” деп пост жазып, элдин оозун дагы ачырды.