Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Айгүл Айдарова кыска аралыкта экинчи ирет сокку алды

Депутат Айгүл Айдарова кыска аралыкта экинчи ирет сокку алды

10-июнь, 23:36
717 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адепсиз жоруктары менен таанылган депутат Айгүл Айдарова “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан чыгарылганын Исхак Масалиев билдирди. Себеби, Адахан Мадумаровду сатып кеткени, жыйындарга катышпаганы, милдетин так аткарбаганы экен. Ооба, фракциядан чыгарылганы экинчи сокку болду. Биринчисине келсек, ички иштер министри Улан Ниязбековго ыксыз асылып, “баткак чачыратканы” үчүн коомчулуктан жеме уккан жайы бар. Интернет айдыңына уяттуу да видеосу тарап кеткен. Ошого катар Айгүл Айдарованын тергөөчү кезиндеги былыктары булайып, кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартканы каңкууланып, тагдыры жарга асылмакпы? Бирок эмнегедир “кысуу” токтоп калды. Көмүскөдөн жалдырадыбы? Сыягы “кайырмакка илинип”, салпылдаган сыңарындай... “Чүйдөн же үйдөн жок” дегендей, ордун таппаган эл өкүлү катары бааланып, ансыз да аброю кеткен Жогорку Кеңештин бетине чиркөө болуп атса керек. Даярдыксыз, тажрыйбасыз, билимсиз болсо, акыры ушундай айкындалат беле? Көрсө, убакыт ар бир адамды өз ордуна коёт тура...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер