“Ооруканага сопсоо келип, №1 шаардык клиникадан апабыздын сөөгү чыкты”
“Өтүндө таш бар” деген дарыгерлердин бүтүмүнөн кийин Гүлнара Касмалиева эки жума мурун борбордогу №1 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына кайрылган. Орун жоктугунан улам кийинки күнү келип, бейтапканага жаткырылып, дароо операцияга кирген. Кырк мүнөткө созулган операция ийгиликтүү өткөнү менен Касмалиева өзүнө келбей, комага түшкөн. Дээрлик алты күндөн кийин көз жумган. Ооруканага сопсоо кетип, муздаган денени алгандарына жакындары бүгүнкү күнгө чейин ишене албай турушат. Маркумдун балдары “ак халатчандардын кайдыгер мамилесинен улам апабызды жоготтук, ооруканага сопсоо келип, №1 шаардык клиникадан апабыздын сөөгү чыкты” деп, аталган оорукананын реаниматологун жана анестезиологун күнөөлөшөт. Алар дарыгерлер шалаакы мамиле жасаганы аз келгенсип, маркумдун жолдошу жана балдарынан басмырлоо жолу менен тил кат алып алышканын айтышып, зар какшагандарын “Нью тв” каналы даярдап алып чыкты.
Өмүрлүк жолдошу Асымкан Укубаев: “Менин келинчегимдей адам жок. Андай киши табуу кыйын. Жаштар менен жаштай улуулар менен улуудай сүйлөшкөн, өз ишин билген өзгөчө жан эле” деп боздоп турган чагы.
Aryba.kg