Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев көпкө узабайбы? А.Сулайманов менен К.Иманалиевдин мисалындай...

Жанар Акаев көпкө узабайбы? А.Сулайманов менен К.Иманалиевдин мисалындай...

19-февраль, 23:36
2 922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Ош шаарына мэр болуп барган Жанар Акаев шайлоочулары тарабынан жетиштүү добуш алып келген. Саясатчы катары таанымал. Парламенттеги көзгө көрүнгөн депутаттардын бири эле. Бирок, ат тизгинин шарт бурду. 

     Эске салсак, бир кезде Алтынбек Сулаймановдун да парламентте жылдызы жанып туруп, анан Ысык-Көл облусунун губернаторлугуна дайындалып, жакшы иштеп жатып эле “ити чөп жебей” калган. Көмүскөдөн кандай интригалар жаралганын ачык айтпай кызматын таштап баса бергени эсибизде. Экинчи мисалга келсек, Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри катары реформаларды баштап, эл көзүнө көрүнө баштаганда, мектептерге китеп жетишпестиги боюнча талкууга калып, кызматынан алынган болчу. Аныгында мындай көйгөй жылыга кайталанат го... 

     Дал ушул жерден урунттуу жагдайга көңүл буралы. Алтынбек Сулайманов менен Каныбек Иманалиев аткаруу кызматтарынан кеткенден бери саясаттан оолак жүрүшөт. Бийликке сын-пикир айтышпайт. “Кайырмакка илинип” калышкан эмеспи? Эң кур дегенде Жанар Акаев Ошко мэр болгучакты ушул эки агасы менен кеңешип койгондо не? Жыл соңуна жетпей мүдүрүлүп кетсе, ошол бойдон “критке” чабылып кетпейби? Жанар мырза жеке амбициянын кумарына азгырылып, “капкандын оозуна” жакындап калса, анда бир Кудай сактасын...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер