Акыркы кабарлар
» Коом » “Тазалыкчылар” акыр-чикирлердин сууларын агызып жатышканда...
“Тазалыкчылар” акыр-чикирлердин сууларын агызып жатышканда...
02-июль, 00:34


Бишкек шаарындагы өзгөчө көйгөйгө көңүл буралы. “Тазалыктын” кызматкерлери акыр-чикирлерди жүктөп кетүүдө суусун агызышып, таштанды челектердин айланасынан сырткары эл баса турган жерлерге чейин шалтактатып, ыңгайсыздык абалды жаратууда. Жайдын күнү баарбызга белгилүү: көпчүлүк тургундар дарбыз-коон жешет экен. Алардын сарыккан суусу тамак-аш калдыктары менен аралашып, ысыктын күнүндө саңырсытып эле жатат. Ушул боюнча мэр Айбек Жунушалиев чыныгы тазалыкты жасоонун жолун таап, жарандарга ыңгайлуу шарт түзө алабы? Ооба, ушул жагы курч көйгөйгө айланууда.











