Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова: “Журналисттердин каалагандай жазганга акысы бар, мен аларга терикпейм”

Динара Ашимова: “Журналисттердин каалагандай жазганга акысы бар, мен аларга терикпейм”

14-февраль, 19:00
855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара Ашимовна, жакында эле Россия Федерациясына барып, ал жакта иштеп жатышкан мигранттарга жолугуп келдиңиз. Россиядагы мекендештерибиз кандай көйгөйлөрдү айтышты?

-- Мен ал жакка расмий эмес түрдө барып, биздин мекендештер менен эки күн жолуктум. Ыраазы болгонум, кыйынчылыктарга карабастан ресторандарды, окуу борборлорун ачкандар бар экен. Бирок, ошону менен бирге эле өтө көйгөйлүү маселелерди көп көтөрүштү. Россия тарап мигранттарга улам жаңы талаптарды коюп жатыптыр. Мисалы, Россиянын мыйзамдарын, тарыхын билүү жагынан тест тапшырышат экен. Алыскы райондон жаңы эле барган бала ал жактын тарыхын канчалык билет? Бул өтө оор маселе да. Ал жерден өзүнө жатакана таап, каттоодон өтүп, иш табышы керек... Ал аз келгенсип, ар бир үч айда Москвадан 80 чакырым аралыктагы Сахарова деген шаардан медкароодон өтүшү керек экен. Москванын өзүндө эле жүз миңдеген мигранаттарыбыз бар. Анан ал жердеги кезек кандай болорун элестетсеңиз... Ал жерге орун-очок алып жашап калгандар “балдарбыз такыр эле эне тилин, маданиятын билбей калышты. Үйдө аракет кылабыз, бирок, көбүнчө иште болуп калабыз, алар менен такай отуруп, бирдеке үйрөткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз болбой калат” дешти.

Биз миграция маселесине өтө олуттуу мамиле кылышыбыз керек. Ошондуктан, мен комитеттин төрайымы катары социалдык саясатты мигранттардан баштайын деп жатам. Себеби, алар бизге акча жөнөтүп жатышат. А биз болсо аларды талаптагыдай деңгээлде караган жокпуз. Кечээ министрлер кабинетинин башчысы менен жолукканда да айттым. Европада, АКШда ITшниктер керек болуп жатат. Анда эмне үчүн биз ошол кесиптегилерди даярдабайбыз? Эмне үчүн лицейлерибиз бош турат? Даярдайлы балдарды, тил үйрөтөлү. Ошондо алар өзүнө татыктуу иш таап кетишет.

-- Кээ бир кесиптештериңиз Жогорку Кеңештин атынан Россиянын парламентине кайрылуу жасоону айтышты. Бул канчалык натыйжа берет?

-- Андай кайрылуу жасап койсок, албетте, болот, бирок ал натыйжа бербей калышы мүмкүн. Андан көрө, юридикалык документтерди карап чыгып, биз Бажы биримдиги, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу уюмдарга кандай шарттар менен киргенибизди изилдеп, бизге берилген жеңилдиктерди көрсөтүп, “ушул шарттарды аткарбайлыбы” дешибиз керек. Мына ошондо Жогорку Кеңештин конкреттүү жардамы тийет эле.

-- Айрым ЖМКлар “прокурорлук көзөмөл киргизгени жатат” деп сизди бир аз чымчып өтүштү. Сиз бул сынга макулсузбу?

-- Өзүңүздөр көрдүңүздөр, тийешелүү кишилер келбегени үчүн бүгүн бир маселени карабай кетирип ийдик. Байкасак, кеңешмеге шашпай, даярданбай келишип, “биздин долбоорлорду баары бир өткөрөт да” дегендей мамиле кылышат экен. Ошон үчүн мен “даярданып келгиле” дедим. Тартип болуш керек да. Албетте, журналисттердин каалагандай жазганга акысы бар, мен аларга терикпейм деле. Эң башкысы, мен комитетти иштетишим керек. Парламентке келдимби, натыйжа беришим шарт. Анан эл – тараза, ишиме карап өздөрү эле баалап алышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер