Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 22 жаш улуу, кызганчаак күйөөмдү жек көрүп баратам

22 жаш улуу, кызганчаак күйөөмдү жек көрүп баратам

22-февраль, 18:18
2 289 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку окуу жайын быйыл аяктадым. Окуп жүргөн убакта бир жигит менен таанышып калдым. Экөөбүз эки-үч жылдай сүйлөштүк. Бирок абдан көп урушаар элек.Той белгиленди, бирок экөөбүз дагы деле түшүнбөстүктөн тартыша бердик, уруша бердик. Акыры “сени менен жашашыма көзүм жетпей калды, жашай албайт окшойбуз” деди. Ошентип тойго аз күн калганда тойду токтоттук. Токтотуп салгандан кийин жиним келди. Эки-үч күн ыйлап жүрдүм. Анан көптөн бери колумду сурап жүргөн өзүмдөн 22 жаш улуу адамга макулдугумду берип, тез арада турмушка чыгып кеттим. Жигитим да үйлөнүп алды. 

Экөөбүз бири-бирибизге эрегиштик. Көп өтпөй ал кайра эле ажырашып кетиптир. Мен болсо күйөөмдүн кызганчаактыгынын азабын тартып, күн санап соолуп баратам. 

Жакында мурдагы жигитим “ажыраш, бири-бирибизсиз жашай албайбыз. Сенин бактысыз экениңди билем” деген кат жазды. Кош бойлуу болуп отуруп, андайга кантип барам? Бирок кызганчаак күйөөмдү жек көрүп баратам...

Айдай 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер