Анара Султангазиева: “Уран казууда эл менен айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген кепилдик керек”

Экология боюнча эксперт менен маек.
-- Ысык-Көлдөн уран казуу эс алуучуларды, туристтерди кооптондурбайбы?
-- Бул бийлик тараптан чечилген маселе. Биз макулбузбу же каршыбызбы, баары бир ишке аша турган болуп калды. Бир гана айтарым, баардык эрежелер менен иш алып баруу зарыл. Бул биринчи кезекте мыйзам иретинде уран жана башка зыяндуу заттарды казууга мораторий коюлган. Мына ошону жокко чыгарып, заманбап жана аярлуу ыкмалар менен жер алдын иштетүү механизмдери каралышы керек. Ал эми экинчи кезекте, экономикалык жагын көзөмөлдөгөн ТЭО (технико экономическое обоснование) жана экологиялык жагын караган ОВОС (оценка влияния на окружающую среду) сөзсүз иштелип чыгышы шарт. Мына ушундан кийин жалпы элдин талкуусуна коюлганы туура. Кызыл-Омпол Балыкчынын элинин эле кол көтөрүп, 5%га жетпеген добушу менен чечилбейт. Кыргызстандагы баардык кен байлыктар менен бийликтин ээси эл болуп саналат. Ал биздин Конституцияда жазылган. Үчүнчүсү, бийлик Кызыл-Омполдун баардык кендерин иштетүүдөн баштап, кимге канчага сатарына чейин ачыктап, айкындуулукту жана эл менен айлана-чөйрөгө зыян келтибеген коопсуздукту камсыздаган кепилдик бериши керек. Ал кепилдикти камсыз кылыш үчүн көз каранды эмес адистердин, серепчилердин, экологдордун жана массалак маалымат каражаттардын өкүлдөрүнөн турган байкоочу топ түзүлүп, башынан аягына чейин мониторинг менен байкоо жүргүзүүгө шарт түзүп бериши абзел. Акыркысы, кен байлыктар казылып бүткөндөн кийин рекультивация иштери баардык бекитилген эрежелер менен жасалышын камсыз кылуу зарыл. Анткени, буга чейин бир да кен байлык казылган жерлерде рекультивация иштери аягына чейин жасалбай, жерлер казылган, талкаланган боюнча калып келет.
Ал эми туристтерди, албетте, кооптондурушу ыктымал. Ошондуктан мен жогоруда айткандай, экология менен элдин ден соолугуна зыян келтирбеген заманбап технологиялар менен абдан дыкат иштетүү ыкмаларды колдонуу зарыл.
"Азия Ньюс" гезити