«Биримдик» №1. Гүлжигит Жумаев: “Улуттук өнөрүбүздү өгөйлөгөн өкмөткө каршымын!”
«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлжигим Жумаев шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Бул ирет талапкер Сузак районунун Кара-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда Гүлжигит Жумаев «Биримдик» партиясынын программасы менен тааныштырып, элдин көңүл өйүткөн суроолоруна жоопторун берди. Жергиликтүү тургундар айылга ФАП керектигин, жолдордун оор абалы, токойлордун кароосуз калганы боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Талапкер «Биримдик» партиясынын идеологиясынын өзөгүн ар бир адамдын жашоо деңгээлин көтөрүү менен социалдык адилеттүүлүккө жетишүү түзөрүн баса белгиледи. Ал үчүн партиянын программасында экономиканы өнүктүрүү, социалдык камкордукка алуу саясатын күчөтүү багыттары камтылган.
Ошону менен бирге депутат болуп калса, аймактарды өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүүгө инвестиция тартуу зарылдыгын өкмөттүн алдына коёрун айткан ЖК депутаттыгына талапкер бул маселе партиянын программасында камтылганын кошумчалады. Партиянын программасына ылайык, аймактарга тартылган инвестициянын көлөмү эки эсе көбөйтүлүп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жеңил өнөр жайды, туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалары белгиленген.
Мындан сырткары, улуттук баалуулуктарды, маданиятты ар дайым кастарлап келген инсан катары улуттук искусство, улуттук адабият, улуттук кино тармагына өгөй баладай мамиле кылып жаткан өкмөткө каршы турарын баса белгиледи.
«Бир дагы дүйнөдө жок өнөр адамдары кыргызда гана бар. Алар манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар, саяпкерлер. Мына ушул өнөр ээлерин, ушул кайталангыс өнөр жаатын дүйнөлүк ЮНЕСКОго окшогон уюмдар коргоого алууда. Биз өзүбүз коргоп да, колдоп да ала албай жатканыбыз өкүндүрөт» деди ал өз сөзүндө.«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.