Сато Рие: “Ооруканаларга аппараттар берилип калса, биз абдан кубанычта болобуз”

Өткөн жумада саламаттык сактоо министрлигинде Ош олбусундагы эки ооруканага медициналык шаймандарды берүү боюнча келишимге кол коюлду. Анын алдында JICA уюмунун миссиясынын башчысы Сато Рио ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча түшүндүрмө берди.
-- Бул долбоордун алкагындагы алгачкы миссия болуп жатат. Аткарылган иштер баары байма-бай өтүп, анын жыйынтыгында биз азыр протоколго кол коюуга чейин жеттик. Жүрөк кан тамыр, онкологияга байланыштуу ооруларга жардам берүү, аларды диагностика кылуу, дарылоо боюнча аппараттарды тартуулоо – азыркы долбоорлордун негизги максаты болуп саналат. Бул Кыргызстанга эле тийешелүү эмес, Японияда да көйгөй жаратып жаткан маселе. Ошого байланыштуу эки тарап тең мындай маселелерди чогуу чечкенге умтулуп, азыр ошонун үстүндө иштеп жаткан учурубуз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын курагы жашарып жатыптыр. JICA тараптан долбоордун алкагында жогоруда айтылган ооруларды диагностика гана кылбастан, аларды тийешелүү түрдө дарылоо, ага байланыштуу аппараттарды берүү ишке ашып калса, биз абдан кубанычта болобуз. Андан тышкары, долбоордун алкагында аппараттарды гана эмес, жумшак компоненттерди да берүүнү ишке ашырсак деген ойдобуз. Буга чейин Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эки долбоор ишке ашырылган. Ал эми азыркысын айтсак, Кыргызстандын түштүк аймагын камтыган долбоор. Ал Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилени чыңдаганга өзүнчө бир көпүрө болот го деген үмүттөбүз. Өзүңүздөр билгендей, биздин долбоорлор бир нече баскыч аркылуу ишке ашырылат. Азыркы этапта келишимге кол коюлса, июнь айында келип, кийинки баскычка өтүү боюнча маселелерди силер менен макулдашабыз.
Биз эки орукананы: Ош облустук клиникалык ооруканасын жана онкологиялык оорукананы барып көрүп, таанышып келдик. Ал ооруканалар Ош облусун гана эмес, башка кошуна жайгашкан Баткен, Жалал-Абад облустарын да камсыздап, өздөрүнүн кызматын көрсөтөт экен. Ушул жагынан алганда, ооруканалар өтө маанилүү экени ырас. Клиникалык оорукана боюнча айта турган болсок, ал күнүгө миңдеген бейтаптар келе турган масштабы абдан чоң оорукана, бөлүмдөрү да ошончолук көп. Ичинде эскилиги жеткен жабдуулар көп экен. Биздин долбоор боюнча бериле турган жабдуулар аларды жаңылатуу менен оорукананын ишин бир-эки тепкич болсо да жогорулатып, жаңы деңгээлге чыгарат го. Онкологиялык борбор боюнча айтсак, саламаттык сактоо министрлиги тарабынан системаны жакшыртуу боюнча иш-чаралар жасалып жатканына күбө болдук. Тилекке каршы, статистика боюнча онкологиялык илдетке чалдыккан адамдардын саны көбөйүп жатыптыр. Ал эми аппаратура жагына келсек, визуалдык диагностика деп коёбуз, рентген, УЗИ сыяктуу аппараттар жок болгондуктан, келген бейтаптарды башка менчик клиникаларга жиберишет экен. Бул борборго МРТ, рентген аппараты, УЗИ, мамограф сыяктуу аппараттар берилсе, алардын иши кескин түрдө жогорулайт деп ойлойбуз. Биз эки ооруканага барганда, ал жердеги шыпаагерлер чын ниети менен иштеп, баардык аракетин жумшап жаткандарын көрдүк. Эгер ушул аппараттар берилип калса, алардын кылган ишине чоң жардам жасалат эле, - деди Сато Рие айым.
Япониялык өкүлдөр бул долбоорлорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз-япония парламенттик достук лигасынын Кыргызстандагы төрагасы Таалайбек Масабировдун салымы чоң экенин белгилешип, ага ыраазычылык билдиришти.
"Азия Ньюс" гезити