Акыркы кабарлар
» Саясат » Губернатор Дарданов үлкөн кызматка даярданып атканы айтылды
Губернатор Дарданов үлкөн кызматка даярданып атканы айтылды
29-октябрь, 17:00


Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов жаңы кызматка көтөрүлүүгө даярданып, “чыйт” түкүрүп жүргөн убагы. Атамбаевдин, Сокенин учурунда карьералык секирик жасап, башкы прокурордун орун басарына чейин көтөрүлгөн. Жаңы бийлик келгени да жол таап, жөө калган жок. Эмки кызматын жакындары сыр катары сакташып, тымызын күтүп жатышат. Мурдагы бийликтердин учурунда жерден боорун көтөргөн Дарданов эски шефтеринен кабар албай, далысын салып кеткени жашыруун эмес. Мындай жүрүшү менен азыркыларды да убагы келгенде чанып, оңго-солго секирип кете береби? Учурда ушундай кадрлар гана баркталып калбадыбы...
"Азия Ньюс" гезити











