Акыркы кабарлар
» Коом » Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер: “Эл, коомчулук активдүү болуп, бийликти көзөмөлгө алыш керек”
Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер: “Эл, коомчулук активдүү болуп, бийликти көзөмөлгө алыш керек”
03-апрель, 23:53


-- Бийликтин иштерине көзөмөл кылып, тескеп, туура жолго салып туруу зарылдыгын отуз жылдагы үч төңкөрүш көрсөттү го. Сабак болушу керек. Башмыйзамда “бийликтин ээси – эл” деп жазылып турат. Кыргыз Республикасынын гимнинде “өз тагдарың колуңда...” деген жери бар. Ошондуктан баардыгы элдин колунда. Эл, жарандык активисттер, коомдук уюмдар активдүү болушу керек. Бийликке сунуш, багыт берип, көзөмөлгө алуусу зарыл. 30 жылда көрсөткөндөй бир кландык, жердештик, партиялык болуп ар кимиси өз жеке кызыкчылыгын ойлобой, таңуулабай, эң биринчи кезекте мамлекеттүүлүк, улуттук кызыкчылык турушу шарт.
Бизде 30 жылда оппозиция деп ким катуу кыйкырса, тескери сөз айтса, ошону ойлошот. Оппозиция ар дайым альтернативдүү, бийликтикинен да жакшы, келечектүү, эл ынана турган 30-50 жылдык стратегиялык мамлекетти өсүп-өнүктүрө турган жолун сунушташ керек.
Эгер курултайга тийешелүү статус, ыйгарым укук берилсе, келечекте баардык талаш-тартыш маселелер курултайда чечилип, ал альтернативдүү 2050- жылга чейин Кыргызстандын өсүп өнүгүү жолун бекитип бермек, өлкө өсүп, өнүгүү жолуна түшөт эле.
Келечектеги 100 жылда Кыргызстандын үч жолу бар: 1) Экстремисттерди ээрчий берсек терроризм, радикализм күч алып, Афганистан болобуз. 2) 30 жылдык басып өткөн тарыхыбыздан, үч революциядан, 32 жолу өкмөт алмаштыргандан, Акүйдү өрттөп, төгүлгөн кандардан сабак албасак, Сомали болобуз. 3) Бизде бир гана жол – кылымдарды карыткан ата-бабабыздын жолуна түшүшүбүз керек. Ошондо гана салттуу, нарктуу, ооматтуу, улуу кыргыз каганатындай дөөлөтүбүз кудуреттүү, элибиз касиеттүү өлкө болобуз.
“Азия Ньюс” гезити