Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонбек Акматов: “Өлкөдөгү кризис, саясый туруксуздук бизнести качырды...”

Чолпонбек Акматов: “Өлкөдөгү кризис, саясый туруксуздук бизнести качырды...”

03-июль, 17:43
3 697 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Барган сайын Казакстанга кеткен жергиликтүү компаниялардын саны көбөйүп жатат. Атамекендик ири курулуш компаниялардын бири “Эмарк групп” дагы 2021-жылы коңшу Казакстандын рыногуна кирүүнү пландаган. Негиздөөчү Чолпонбек Акматовдун айтканына караганда, буга өлкөдөгү кризис жана саясый туруксуздук себеп болууда. 


Бизнес шарты жакшы жерде иштегиси келет. Бирок, Кыргызстанда эмес...

-- Бизнес кайсы жерде шарт жакшы болсо ошол жакка кетет. Өлкөдөгү акыркы саясый окуялар бизге чоң таасирин тийгизди. Күзүндө парламенттик шайлоо өтүп, төңкөрүш болуп кетти, андан кийин да шайлоолор болуп жатат. Карантин учурунда саламаттык сактоо министрлигинин абалын көрүүдөбүз, көптөгөн жарандарыбыз каза болду. Ушуларды көрүп, Казакстандын базарына аралашууга аракет жасап баштадык. Анткени мунун баардыгы элдин жашоо шартына, бизнеске түз таасир этет. Бизнес тынчтыкты сүйөт. 


Казакстанда иштеген кыргыздар чогулткан каражаттарын курулушка салышууда

-- Учурда Казакстанда иштеп жүргөн мекендештер менен курулуш тармагында жаңы долбоорлорду баштап жатабыз. “Эмнеге бул долбоорду Кыргызстанда жасабайсыңар?” деп сурашат. Биз чакан компания болгондуктан, алгач эки өлкөнүн рыногун изилдеп көрдүк. “Адатта бизнеске кайсы жакта жеңил болот? Мамлекет тарабынан кандай шарттар каралган? Кайсы өлкөдө коопсуз?” деген суроолорго жооп издеп, Казакстанда баштоону туура көрдүк. Анткени, бизде шарт оор, мындай учурда ийгиликтүү иштеп жаткан чоң компаниялар жан багып кете алат. Бирок, бизге окшогондор бизнес кыла албайт. А Казакстанда болсо бизнеске артыкчылык көп, жакшы шарттар түзүлгөн.  


Кыргыз компанияларын качыруу – ансыз да араң турган экономикага чоң сокку 

-- Эгер ар дайым эле чыгашага учурай берсең акчаң түгөнөт. Ушул жылы көптөгөн бизнесмендер баардык запастарын түгөтүп болду. Бул кайталана берсе, ишкерлер банкрот болот же насыяларын жаба албай калышат. Кредиттерин төгүп, бизнесин сактап калыш үчүн кошуна өлкөлөргө кетүүдө. Чындыгында Кыргызстандан кетип, башка бирөөнүн эрежеси менен эч ким жашагысы келбейт. Бул убактылуу көрүнүш. Биздин мамлекет кичинекей, эгер шарт түзүлсө, баардыгы кайра кайтып келишет.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер