Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биздин өлкөдө кыздар канча жашында турмуш курууга ниеттенишет?

Биздин өлкөдө кыздар канча жашында турмуш курууга ниеттенишет?

09-март, 12:53
945 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жылы турмуш курган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Бул тууралуу аялдардын эл аралык майрамына карата Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн кыздары 18-25 жашында үй-бүлө курууга ниеттенишет.

“Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектердикине караганда (27 жаш) бир аз жогору. Алар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Болжолдуу жашоо узактыгы 76 жаш, эркектердики 68 жаш деп белгиленген. Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсе жогору экени аныкталган.

Орточо статистика боюнча, аялзаты 24 жашында биринчи перзентин жарыкка алып келет. Бир аял негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат. Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18-19 жана 25-29 жаш курагында болушкан” деп жазылат комитеттин расмий сайтында.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер