Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытай ЖМКсы: Евробиримдик октябрдан кийин оор сыноодо калат

Кытай ЖМКсы: Евробиримдик октябрдан кийин оор сыноодо калат

26-октябрь, 12:03
340 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Европа биримдиги жылуулук менен камсыздоо маалы башталган соң чоң сыноодо калат. Бул тууралуу Кытайдын баяндамачы Чжэн Тао жазган.

"Еврозонанын экономикасы барган сайын начарлоодо, бирок чыныгы сыноо октябрдан соң жылуулук берилчү маалда башталат. Бул мезгилде өнөр жай да, калк да газ жана электр энергиясын колдонууда бир топ көйгөйгө тушугат", — деп айтылат макалада.

Автордун айтымында, "Американын ырын ырдоо" Европа мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыгына туура келбейт, ал эми антироссиялык санкциялар ЕБге каршы кадам болуп калды. Энергетикалык каатчылык Европаны өнөр жайдагы атаандаштык жараткан артыкчылыктарынан ажыратып, өндүрүштү кыскартып, экономикасын жайлатууда.

"Натыйжада ЕБ АКШдан өз баасынан төрт эсе кымбат келген суюлтулган газ сатып алууга аргасыз. Муну өзүн-өзү өлтүрүүнү көздөй кадам десек болот", — деди баяндамачы.

Анын айтымында, айрым мамлекеттердин "курмандыкка чалынуудан" баш тартышы Европага жик салууда. Автор "Украинадан чарчаган" европалыктар арбып бара жатканын белгилеген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер