Нуржигит Кадырбеков: «Азыр бизде өлүм жазасын киргизүүдөн башка жол жок»


Бүгүн, 7-августта,Жогорку Кеңештин депутаттары жыйындын башында жан кейиткен окуя тууралуу айтып, күнөөлүү тараптарды аёосуз жазалоону талап кылды. Эл өкүлдөрүнүнү арасында педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керектигин айткандар да болду.
«Гуманизация деп өлүм жазасын жок кылып койдук. Гуманизациянын аягында гумансыздар келип өлтүрүп жатат. Мындай адамдар өлүмдөн башка эч нерседен коркпойт. Коррупция бар өлкөдө жазадан дагы коркпойт, бүгүн 15 жылга кесилет да, үч жылдан кийин карасаң эркиндикте жүргөн болот. Анан дагы каалаганын кылып баштайт. Өлүм жазасын киргизиш керек, андан башка жол жок» деди эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.










