Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Окуучулардын 56 пайызы электрондук сигаретке өтүшүүдө”
-- Аида айым, бүгүн электрондук сигарет тууралуу маселе көтөрдүңүз. Сиздин оюңузча, ал коом үчүн канчалык коркунуч туудурууда?
-- Жана видеодон көрсөтпөдүкпү, бир эле класста он пайыз окуучулар электрондук тамеки тартышат экен. Биздин изилдөөгө караганда, мурда тамеки тарткан окуучулардын 56 пайызы тамекини таштап, электрондук сигаретке өтүп жатышат. Анын баары бүгүн дүкөндөрдө сатылууда. Өзүңүздөр видеодон көргөндөй, мектеп окуучусу электрондук сигаретти соода борборуна барып эле эч тоскоолдуксуз сатып алды. Андан эч кандай тастыктоочу документ сурашкан жок. Сурашмак түгүл “текшерип ал” деп сунуш берип жатышат. Ушундан улам бул маселени көтөрүүгө туура келди. Мен электрондук сигареттерди паспортун сурап сатууну, аларга акциз салыгын көтөрүүнү сунуштап жатам. Анткени, электрондук сигарет бүгүнкү күндө өтө арзан, каалаган окуучу аны сатып ала алат.
-- Электрондук сигареттер негизинен кайсы өлкөлөрдөн алып келинет?
-- Бажы кызматынын маалыматы боюнча, алардын 80 пайызы Кытайдан келет. Анын сапатын, курамында кандай заттар бар, ден соолукка канчалык зыян экени эч ким тарабынан изилденген эмес. Ошондуктан, биз протоколдук тапшырма бердик. Комитеттерде карап, башка депутаттардын, коомчулуктун пикирлерин уккан соң токтом кабыл алсак, анын негизинде соода борборлорунда, чоң-кичине дүкөндөрдө электрондук сигареттерди сатуу катуу көзөмөлгө алына баштайт. Тамекинин кутусуна анын ден соолукка зыяндуулугу тууралуу эскертүү берилет эмеспи? Мен электрондук сигареттерге да ошондой эскертүүлөр чапталышын сунуштап жатам.